Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:53

Владимир Путин менен Ким Чен Ындын жолугушуусу башталды


Владимир Путин жана Ким Чен Ын. 2023-жылдын 13-сентябры.
Владимир Путин жана Ким Чен Ын. 2023-жылдын 13-сентябры.

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн 13-сентябрда Амур облусунда жайгашкан космодромдун аймагында Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Эки жетекчинин жолугушканын орусиялык маалымат агенттиктери жарыялоодо.

“Интерфакс” агенттиги Путин менен Ким "Восточный" космодромундагы бир нече объектинин иши менен таанышып чыккандан кийин сүйлөшүү баштай турганын маалымдады.

Алар биринчи кезекте Орусияга Украинадагы согушунда колдонуу үчүн Түндүк Кореядан курал-жарак жеткирүү маселесин карай турганын, бул үчүн Ким Орусиядан азык-түлүк жардамын жана айрым аскердик технологияларды алууну көздөп жатканын буга чейин көз каранды эмес булактар жазып чыгышкан.

Түндүк Кореянын лидери Орусияга башкаруучу партиянын, өкмөт мүчөлөрүнүн жана аскерлердин коштоосунда өзүнүн чопкутталган жеке поезди менен барды.

Америка Кошмо Штаттары Путин менен Ким курал-жарак тууралуу макулдашса аларга каршы жаңы санкция салууга даяр экенин эскерткен.

Батыштын санкцияларына кабылып, обочодо калган бул эки мамлекет Орусия Украинага толук согуш ачкан 2022-жылдын башынан бери байланышын бекемдөө аракет кылып жатат.

Бул Кимдин чет өлкөгө акыркы төрт жылдагы биринчи сапары. 2019-жылы да ал Путин менен жолугушуу үчүн Орусияга барып кеткен.

XS
SM
MD
LG