Кыргызстанда социалдык тармактардагы билдирүүлөрү үчүн камакка алынган жана сот жообуна тартылган окуялар уланууда. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү, активист Мирлан Ураимов бир жылга эркинен ажыратылса, Фейсбуктун дагы бир активдүү колдонуучусу Зарина Төрөкулова камалды. Аларга “бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган”, “массалык баш аламандыктарга үндөгөн” деген айып коюлду.
Ураимов соттолуп, Төрөкулова кармалды
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов 11-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен бир жылга эркинен ажыратылды. Мекеменин басма сөз кызматы ал Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”) менен күнөөлүү деп табылганын, жаза мөөнөтүн жалпы тартиптеги түзөтүү колониясында өтөшү керектигин билдирди.
Өкүмдөн кийин Мирлан Ураимовдун өлкөдөн чыкпоо тууралуу бөгөт чарасы өзгөртүлүп, сот залынан камакка алынды.
Адвокаты Юлия Богданова судья жарыш сөзгө эки адвокат жүйөлүү себеп менен катышпаган жагдайды эске албай койгонун жана Мирлан Ураимовдун акыркы сөзүнө даярдануу үчүн бир күн убакыт сураган өтүнүчүн четке какканын айтты.
“Судья анын аракеттерин кайра квалификациялап, Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинен (“Жапырт башаламандыктар”) 327-беренесине (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”) өзгөрткөн. Мындай өкүм мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейм. Себеби Фейсбуктагы маалыматты Мирлан Ураимов жарыялабаганы тууралуу жетиштүү далилдер бар”, - деди адвокат.
Активист быйыл 8-февралда кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына эки айга камалган, 9-мартта бөгөт чарасы өзгөртүлүп, абактан бошотулган. Партиялаштары ал оппозициялык саясий көз карашы үчүн кармалганын айтышкан жана аны бошотууну талап кылып акцияларды өткөрүшкөн.
Мирлан Ураимов 2021-жылы Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүү тууралуу макулдашууга каршы нааразылык акцияларын уюштургандардын бири болгон.
Буга удаа эле Фейсбуктун дагы бир активдүү колдонуучусу Зарина Төрөкулова кармалганы маалым болду. Интернет колдонуучулар анын камалганы тууралуу жазган посттордон көп өтпөй атайын кызмат аны ырастады. УКМК “Зарина Төрөкулова Фейсбукта чагымчыл маанайдагы материалдарды туруктуу жарыялап турганын” билдирүүдө.
Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык баш аламандыктар”) менен айып коюлуп, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 9-сентябрдагы чечими менен 30-октябрга чейин атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Зарина Төрөкулова социалдык тармактарда бийликтин айрым иштерин сындаган билдирүүлөрдү жазып турган. Анын кайсы посттору “массалык баш аламандыктарга үндөгөнү” жөнүндө маалымат жок.
47 жаштагы Зарина Төрөкулова буга чейин “Улуу журт” жана “Күч биримдикте” партиялары менен Бишкек шаардык кеңешине шайлоого талапкер болуп катышкан. Жакындан билгендердин айтымында, ал бир кыздын энеси.
Саясатчылар, активисттерге колдонулган үч берене
Кыргызстанда социалдык тармактагы билдирүүлөрү үчүн саясатчылар, активисттер буга чейин да сот жообуна тартылган. Аларга негизинен Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар”, “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелери менен иш козголуп келет.
Юрист Бактыбек Жумашев өлкөдө ушул беренелер менен айып коюлуп жоопко тартылгандардын ишинде талаштуу жагдайлар бар экенин айтты.
“Мисалы, “колуңарга курал алгыла. Бийликти кетириш керек” деп жазса, мында бийликти мыйзамсыз жол менен алмаштырууга жана төңкөрүш жасоого чакырыктар бар. Бирок “мындай бийликтин бизге кереги жок” же “мага бул бийлик жакпайт” деген - жөн эле сын. Бул жерде кылмыштын курамы жок. Ал үчүн адам кылмыш жоопкерчилигине тартылбашы керек. Анткени бул ошол адамдын өзүнүн жеке пикири. Ал киши бийликти күч менен басып алууга же алмаштырууга эч кимди үгүттөгөн жок”.
Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев 11-сентябрда Жумгал районунун Чаек айылында УКМКнын жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып, мамлекетте башаламандык уюштурууну көздөгөндөр бар экенин айтты:
“Мамлекетте дагы бир "чоң ызы-чуу кылсам экен, тополоң болуп турса" деген саясатчылардын баарына мыйзамдын чегинде жазасын бериш керек. Башка айла жок. Жакшы сөзгө түшүнбөгөндөр бар. Алардын кээ бири “түрмөдө бизди өтө катуу кармап, катаал шарттарды коюп жатат” деп айтып жатышат. Абак алар үчүн өздөрүнүн мамлекеттен тартып алган, менчиктештирип алган пансионаты эмес. Түрмө деген түрмө. Түрмө мыйзам бузгандарды ордуна алып келип, тарбиялаш үчүн курулган. Ошого чыдабаса, мыйзам бузбасын! Түрмөнүн шарттарына макул эмеспи, демек мамлекетибиздин тынчтыгына залал келтирбесин”.
23-августта жазуучу, публицист Олжобай Шакир да “массалык башаламандыкка чакырууга" айыпталып кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “ал Фейсбук, TikTok жана YouTube социалдык тармактарында чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдү жайгаштырып, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакырган билдирүүлөрдү жайгаштырып келген” деп билдирген.
Журналист Асел Сооронбаева акыркы камоолор тууралуу “Азаттыкка” төмөнкүдөй ой бөлүштү:
“Баарын тең камап салуу мүмкүн эмес да. Эгерде ушул бойдон кете берсе, элдин да нааразылыгы күчөйт. Бийлик коом менен мунасага келиши керек. Себеби бийлик реалдуулуктан алыстап кеткени көрүнүп турат. Мындай камоолор бийликтин өзүнө жаман. Андан тышкары социалдык тармактарда мамлекеттик кызматкерлер, мамлекеттик ЖМКлардын журналисттери президентти мактап, оппоненттерин каралап пост жазып отурушат. Мындай жасалма колдоо бийликти колдогондор көп экенин көрсөткөндөй болушу мүмкүн. Ушундай жасалма маанайдан улам бийлик сынды да көтөрө албай кетүүдө”.
Бийлик Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин, оппозициялык саясатчылар менен активисттерге эч кандай куугунтук болбогонун кайталап келет.
Интернет иш козгоого негиз болгон окуялар
Жетим-Тоо кенинин казылышына жана Конституциянын өзгөртүлүшүнө каршы чыккан активист Тилекмат Кудайберген уулу 2021-жылы мартта тергөө абагына камалган.
Бийликти сындап келген активистти Бишкектин Свердлов райондук соту 2021-жылы 1,5 жылга абакка кескен. Ал Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”, “Шайлоочуларды сатып алуу” беренелери менен күнөөлүү деп табылган. Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясынан 2022-жылы сентябрда жаза мөөнөтүн өтөп бүтүп, эркиндикке чыккан.
Тилекмат Кудайберген уулу “Кемпир-Абадды коргоо” комитетинин мүчөсү болгон жана жапырт кармоолор тууралуу уккандан кийин 2022-жылы 23-октябрда Кыргызстандан убактылуу чыгып кеткенин билдирген.
Социалдык түйүндөрдө Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек да “Массалык баш аламандыктар” беренесине шек саналып камалып чыкты. Ага да Фейсбуктагы билдирүүлөрү үчүн иш козголгон.
Ал эми блогер Ырыс Жекшеналиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына чыгаргандан кийин, 2022-жылы августта камалган. Ошол жылы 24-октябрда үй камагына чыгарылган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Калайман башаламандык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Соту аягына элек.