Жаңы окуу жылында мектептердеги китеп тартыштыгы аймактарда да көйгөй жаратууда. Жалал-Абадда ата-энелер айылдан атайын шаарга келип, базарларда китеп издеп журүшөт. Кээ бири издегенин таппай жумалап жүрсө, айрымдарынын тапкан китептери мектепке жарабай калууда. Шаардагы мектептерде бир да китеп албай калган окуучулар бар экендиги айтылууда.