Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:10

Wildberries компаниясы Кыргызстанда эки аптага ишин токтотту


Wildberries компаниясынын эн белгиси түшүрүлгөн машине.
Wildberries компаниясынын эн белгиси түшүрүлгөн машине.

Соода-өнөр жай палатасы Wildberries компаниясы Кыргызстанда эки аптага ишин токтотконун кабарлады.

Бул тууралуу соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев Wildberries ишканасынын өкүлү Максим Губанов менен жолугушууда белгилүү болду. Компания Казакстан ишканадан айрым документтерди берүүнү талап кылып, ушундан улам Кыргызстандан товар жөнөтүү эки аптага токтогонун билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстан Wildberries ишканасы менен күнүнө 25 миң доллардан ашык каражатка беш тоннадан ашык товар жөнөтөт. Соода-өнөр жай палатасы товар ташуудагы убактылуу чектөө бул платформа менен иштеген кыргызстандыктардын кирешесине олуттуу таасир этиши мүмкүн экенин эскертти.

Мекеме, товарларды аба каттамы жана темир жол аркылуу ташуу сунуштары болгонун, бардык варианттар изилденип чыгарын кошумчалады.

Орусиялык Wildberries электрондук базары Бишкек шаарында биринчи жолу 2022-жылдын апрелинде 1 миң чарчы метрлик аянтта товарларды бөлүштүрүүчү борбор ачкан. Кийин Ошто да ушундай жай уюштурду.

Компания эми Кыргызстанда 100 миң чарчы метрлик логистикалык борбор куруу маселесин караштырууда. Wildberries Орусияда маркетплейстердин катарында биринчи орунда турат. (BTo)

XS
SM
MD
LG