Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:24

Сирияда өзбек согушчандарынын лидерлеринин бири каза болду


Сириядагы аймактардын биринде өлкөнүн желеги илинип турган жер. Иллюстрация
Сириядагы аймактардын биринде өлкөнүн желеги илинип турган жер. Иллюстрация

Ташкент шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы “Катибат аль-Имам аль-Бухари” эл аралык террордук уюмунун негиздөөчүсү Улугбек Бобомуродов Сириядагы согуштук аракеттердин биринде каза болгонун билдирди.

Расмий маалыматка караганда, 51 жаштагы Бобомуродов 2009-2010-жылдары Термез шаарында жихадчылар жамаатын уюштуруп, аны жетектеген. 2011-жылы бул топтун мүчөлөрүнүн көбү камалган. Ал кезде Орусияда жашаган Бобомуродов жана топтун бир нече мүчөсү Түркияга качып кетип, андан ары Сирияга өтүшкөн.

Өзбек милициясы Улугбек Бобомуродов 2013-жылы Сирияда "Катибат аль-Имам аль-Бухари" террордук уюмун негиздегенин белгилейт. Ошол жылы ага Кылмыш-жаза кодексинин "Диний-экстремисттик, сепаратисттик, фундаменталдык же башка тыюу салынган уюмдарды түзүү, аларга жетекчилик кылуу, катышуу" деген беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.

2018-жылы АКШ Сириядагы өзбек согушкерлеринен турган "Катибат аль-Имам аль-Бухари" тобун “дүйнөлүк террористтердин кара тизмесине” киргизген. Бул топту Кыргызстанда сот 2015-жылы экстремисттик деп таап, ишмердигине тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG