Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:14

УКМК опузалап пара талап кылган блогер кармалганын билдирди


Кармалган шектүү. УКМК тараткан сүрөт.
Кармалган шектүү. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы Алина Жумагулова аттуу блогер акча талап кылууга шек саналып кармалганын билдирди.

Атайын кызмат 4-сентябрда тараткан маалыматка караганда, ал Сокулук айылындагы мейманканалардын биринин аймагында кызматтык машина жүргөнү тууралуу видеону таратам деп коркутуп, Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкеринен 60 миң сом талап кылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап пара талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, Алина Жумагулова 30-августта арыз жазган адамдан 60 миң сом алып жатканда кармалган. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Атайын кызмат жарыялаган видеодо жабырлануучу деп көрсөтүлгөн адам TikTok социалдык тармагынын колдонуучусу, блогер Алина Жумагулова андан 60 миң сом талап кылып жатканын айтып бергенин көрүүгө болот.

Шектүүнүн жакындары жана адвокаты комментарий бере элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG