Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:17

Депутат Маматалиев электромобилдерге "жашыл номур" берүүнү сунуштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев электромобилдерди сатып алуу үчүн жарандарга бир катар жеңилдиктерди жана кызыктыруучу шарттарды түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал 4-сентябрда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Ал электромобиль сатып алган жарандарга “жашыл номурларды” берип, аларга унаалардын салыгын 10% чейин, жол эрежесин бузган учурда айыппулдун көлөмү 50% арзандатууну, унаа токтотуучу жайларды бекер кылууну сунуштады.

“Экинчи окууда электромобилдерди лизинг аркылуу сатып алуу шарттарын кароону ойлонуп жатабыз”, - деди Маматалиев.

Комитеттин жыйынында “Айрым мыйзам актыларына жашыл экология маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Август айында Экономика жана коммерция министрлиги Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешине электромобилдерди ташып келүүдө тарифтик жеңилдетүүнү узартууну сунуштаган.

ЕЭКтин былтыркы марттагы чечимине ылайык, бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу менен Кыргызстанга электромобилдердин айрым түрлөрүнөн 2022-жылы беш миң, ал эми 2023-жылы он миң даана алып келүүгө уруксат берилген.

Ушул жылдын март айында аталган министрлик мындай жеңилдикти дагы эки жылга узартууну сунуштаган. Долбоордо квотаны 2024-жылы 15 миңге, ал эми 2025 жылы 25 миңге жеткирүү жазылган. ЕЭК бул боюнча азырынча чечим кабыл ала элек.

XS
SM
MD
LG