Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:29

"Вагнердин" негиздөөчүлөрүнүн бири Уткиндин сөөгү жерге берилди


"Вагнер" менчик аскердик компаниясынын негиздөөчүлөрү Евгений Пригожин менен Дмитрий Уткиндин Новосибирскидеги "Вагнердин" кеңсесинин алдындагы сүрөттөрү. 24-август, 2023-жыл.
"Вагнер" менчик аскердик компаниясынын негиздөөчүлөрү Евгений Пригожин менен Дмитрий Уткиндин Новосибирскидеги "Вагнердин" кеңсесинин алдындагы сүрөттөрү. 24-август, 2023-жыл.

Орусиядагы "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Дмитрий Уткиндин сөөгү Москванын жанындагы Мытищи көрүстөнүндө 31-августта жерге берилди.

SHOT Телеграм-каналы жазгандай 53 жаштагы Уткинди акыркы сапарга узатуу зыйнатындагы коопсуздукту полиция менен Росгвардиянын өкүлдөрү көзөмөлдөштү.

Иш-чарада аскердик жөрөлгөлөр сакталып, оркестр ойноп турду. Журналисттер киргизилген жок.

Уткин 23-августта Твердеги авиакырсыкта мүрт кеткен. Аны менен кошо аскердик компаниянын башчысы Евгений Пригожин жана башка сегиз кишинин сөөгү табылган. Пригожинди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Санкт-Петербургдагы Порохов көрүстөнүндө өтө жупуну өткөн.

"Вагнер" деген Дмитрий Уткиндин лакап аты эле. Ал мурда Башкы чалгын кызматынын офицери болгон. Уткин "Эрдик" орденинин төрт жолку кавалери.

Москванын Украинадагы согушуна жалданма жоочуларды тарткан Пригожиндин эки ай мурда болгон Кремлге каршы козголоңун эске алганда, ал атайылап эле жок кылынган болушу мүмкүн деген версиялар айтылып, Кремль муну четке каккан.

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Владимир Путин Пригожиндин тажиясына катышпасын буга чейин билдирген. Маркум президенттин жакын санаалаштарынан болчу.

XS
SM
MD
LG