Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев "Азаттыкка" маек куруп (23-августта алынган), эгемендик жылдардагы жетишкендик жана кемчиликтер, учурдагы саясий абал, сөз эркиндиги ж.б. боюнча ой бөлүштү. Бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, Кемпир-Абад боюнча камалгандардын ишин калыс кароого чакырды.
- Кыргызстан эгемендигинин 32 жылдыгын белгилөө алдында турат. Өлкө эгемендик алган алгачкы жылдардан тарта саясатта активдүү жүргөн, мамлекеттик башкарууга аралашкан адам катары сизге алгачкы суроону жалпы мааниде бергим келип турат. Кыргызстандын дүйнөдөгү ордуна, учурдагы геосаясий салмагына ичиңиз чыгабы? Эгемендиктин алгачкы жылдары кыялдангандай өлкө, мамлекет кура алдыкпы?
- Албетте, биз кыялдангандай деңгээлге көтөрүлө алган жокпуз. Анын көптөгөн себептери бар. Тилекке каршы, эгемендиктин баркын билген кишилер ошондо да аз эле, азыр дагы аз болуп жатат. Анткени турмуштун оорчулугунан күнүм өтсө болду, тиричилигим оңолсо болду деп ойлогондор көп. Эми бул бир эле биздин эле заманда эмес, демейде боло келген адамдын пендечилик сапаттары да. Киши кичине курсагы тоюп, үйлүү-жайлуу болсо, бала-бакырасы аман болсо анан кыялданып, бийиктикти эңсеп, мамлекеттин, дүйнөнүн тагдырын ойлонуп калат. Эми муну туура эле түшүнүш керек.
Эгемендикке жетишүү СССР деген улуу державанын курамында жашап келген элдер үчүн күтүүсүз болду да. Тарыхта жөөттөр сыяктуу канчалаган менменсиген кыйын элдер 2000ден ашуун жыл азып-тозуп, өз жеринен куулуп, ар кайсы жерде жүрүп анан көз карандысыздыкка жетишти. Европанын бир топ мамлекеттери - Чыгыш Европа, ал жагы Венага чейин - көп жылдан бою бизге кандаш, боордош Түркиянын таасиринде жашады. Коңшубуз Кытай канча мезгилге чейин европалык, америкалыктардын кол алдында болду. Дээрлик Түштүк Азия, Индонезия, Малайзия, Сингапур сыяктуу өлкөлөр Португалия менен Испания өңдүү кичине эле мамлекеттерге көз каранды болгон. Бүт Латын Америкасы дагы ошондой эле, а Африка болсо түшүнүктүү. А бизде Алла Тааланын көзү түз болду окшойт, СССРдин кыйрап, уруш-талашсыз эгемендикке ээ болдук.
Горбачевдун бийликке келиши демократияга, ачык-айкындыкка түрткү берип, адегенде 1990-жылы июнь айында Орусиянын өзү эгемендик тууралуу декларация кабыл алды. Ельцин президент болуп шайлангандан кийин Балтика жээгиндеги республикалар СССРдин эл депутаттарынын курултайында Тарту (Юрьев) келишими туура эмес болгон деп улам айтып жатып тынчтык жолу менен бөлүнүп чыгышты. Үч өлкө бүт Балтиканы курчап – 500-600 чакырымды – бир чыр чыгарбай, бирөөнүн мурдун канатпай, жалаң акыл-эс, маданият менен биринчилерден болуп өздөрүнө келип алды да.
Аларга удаа украиндер, Кавказдагы айрым республикалар да эгемендикке жетишти. Ачык айталы, бизде да айрым бир аракеттер болуп келди, эркиндикти эңсеп келдик. Баарынан мурда тилибиздин кадыр-баркын көтөрсөк, тарыхый-маданий мурастарыбызды жандандырсак, анан башкалардын аракетин көрүп экономикалык көз карандысыздыкка жетсек деп кыялданып келдик. Бирок саясий эркиндик жөнүндө чоң аракеттер болгон эмес. Ал эми ГКЧПдан кийин баары бөлүнө баштаганда биз биринчилерден болуп - өзбек туугандардан, тажиктерден, түркмөндөрдөн мурда – көз карандысыздыгыбызды жарыялаганбыз. А казак туугандар бизден кийин 16-декабрда, баарын карап отуруп анан эгемендикке ээ болду. Эми аларды түшүнсө болот. Бизге караганда геосаясий абалы башкачараак.
Маектин видеосун толугу менен төмөнкү шилтеме аркылуу көрсөңүз болот:
Кылымдар бою эңсеп келген эркиндигине тынчтык жолу менен кан төгүүсүз жетип алганыбызга бир чети ыраазы болуп, бирок ошол эле учурда эркиндикке жеттик деп эрдемсип, эйфорияга түшкөнүбүз да чын.
Ырас, СССР ыдырагандан кийин кыйынчылыктар көп болду, азыр да ар кандай кыйынчылыктар болуп жатат. Аларды эч жашырбай ачык айтышыбыз зарыл. Бирок биз өтө эле чөгүп, тукулжурап калдык, жерге тепселип калдык деген менен, Кудайга шүгүр, эл катары эле келе жатабыз.
- Сиз алгачкы жылдары кыялдангандай өлкөнү кура албадык деп айтып калбадыңызбы. Буга чейин басып өткөн саясий, тарыхый жолго сереп салсак, андагы башкы кемчилик эмне болду? Сиз айрым кишилердин эгемендикти түшүнбөгөнүнөн деп айтып кеттиңиз. Бул жөнөкөй жарандардан дагы мамлекет башына келген адамдардын түшүнүгүнөн эмеспи?
- Кыргызда керкисинде да, кемигинде да бар деген жакшы сөз бар. Албетте, караламан калк күнүмдүк оокат үчүн эле күрөшүп калды. Анын негизги максаты ошол болуп калды. Ачык айтканда, кээде тамак-аш, нан жетпеген күндөр болду. Муну баарыбыз баштан өткөрдүк. Анүстүнө экономикалык, чарбалык байланыштар үзүлдү. Жетекчилердин эң чоң каталыгы - саясат менен көбүрөөк алек болдук. Улам эле референдум, кайра-кайра шайлоо. Мен бул тууралуу ошол кезде эле айткам жана бүгүн да ал оюм өзгөргөн жок. Биз эгемендик алгандан кийин бар күч-кубатты турмушту оңдогонго, экономиканы көтөргөнгө жумшасак, ошого артыкчылык берсек жакшы болмок. Жана айтканымдай, саясий өнөктүктөр, мамлекеттик жогорку кызматтагы алмаштыруулар, кадрдык башаламандык көп болду. Жарым жыл, бир жыл же бир жарым жылда улам эле алмаштырып турдук. Мунун баары саясий жактан да, экономикалык жактан да алдыга жылууга жолтоо болду. "Премьер-министриңер менен сүйлөшөлү десек эле бир аздан кийин башка киши болуп калат деп", муну чет өлкөлүктөр да байкап айтып жүрүштү. Эң башкысы, саясий туруктуулук болгон жок.
Экинчиден, экономикалык саясатта да чоң жаңылыштыктарга жол берилди. Баарынан мурда менчиктештирүүнү акыл-эс менен, өз орду менен эмес, шашылыш жүргүзүштү. Мамлекеттик мүлктөрдү каалаган кишилер эле басып алышты, айрыкча өздөрү жетекчи болуп турган кишилер. Завод-фабрикалардын, колхоз-совхоздордун деректирлери негизинен баарын өздөрү ээлеп алды да. Акцияларды, ага чейин жанагы купон дегенди өздөрү ээлеп, акыйкаттык болгон жок. Элдин баарын эске алган бир калыс иш жүргүзүлбөстөн, бийликтин туура эмес кадамы көп тескери натыйжага алып келди. Дагы бир жагы, сырттан келген жардамдар, баарынан мурда насыялар жана гранттар текши жана керектүү жерге бөлүнбөй, өң тааныштык же тууган-урукчулук болуп, бир топ уурдалып кетти. Буга мисалдар толтура. Мен буга абдан өкүнөм. Мейли мамлекеттик ишкана болсун, мейли жол, энергетика тармагы болсун, бул жаатта да акыйкат, калыс саясат жүргүзүлгөн жок. Дагы бир нерсени айтып кетейин. Ушул эки жагдай биздин өлкөдө жемкорлукка кенен жол ачты. Анын дагы бир айкын көрүнүшү - тууган-уругун, жек-жаатын кызматка көтөрүү болду. Ушул үч жагдай Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө, элдин турмушун ошдоого бут тосту.
- Ушул күнгө чейин бийлик үч жолу элдик толкундоолор менен алмашты. Бир нече жолу Конституция өзгөрдү. Жаңылары кабыл алынды. Башкаруу тутуму өзгөрдү. Ушул сыяктуу кемчиликтер, жаңылыштыктар жөнүндө кеп болгондо ушуга жол берген күнөөлүүлөр өз катасын, жоопкерчилигин мойнуна алдыбы деген суроолор жоопсуз калгандай сезилет. Сиздин оюңузча, ошол кездеги президенттер баш болуп, сиз бир кезде үзөнгүлөң болгон жогорку кызматтагы кишилер жоопкерчилигин сездиби?
- Бул абдан олуттуу суроо. Мен эч убакта өзүмдү жалпы элден, эгерде жетекчи болсом үзөңгүлөштөрүмдөн бөлбөймүн. Мен муну Аскар Акаев качып кеткенден кийин эле айтканмын, жазып да жүрөм. Ачык эле айтайын, жакшылык иштер болгон болсо ага менин да салымым бар, а эгерде жанагы сен айтып кеткендей кемчиликтер кеткен болсо, ага мен дагы өзүмдү жоопкерчиликтүүмүн деп эсептейм. Мен ушул нерсени элиме ачык айткым келет. Эч убакта кайсы бир жакшылыкты, жеңишти өзүңө ыйгарып алба, ал эми катачылыкты же кемчиликти бөлөккө төңкөрбө. Колдон келсе ар кимибиз өз кылган аракетибизге жооптуу мамиле кылсак.
Шайлоо болгондо карапайым элдин өзү кимдир бирөөнү көкөлөтүп мактап шайлайт, кийин кайра эле жамандай баштайт. 18-кылымдагы француз агартуучуларынын “элиң кандай болсо, бийлигиң ошондой болот” деген акылман сөзү бар. Демократия оюңду ачык айтып, шайлоо учурунда да ачык шайлап, анан шайлаган кишиңдин ар бир кадамына баа берип, көзөмөлдөп туруш үчүн керек.
- Бул саясий аң-сезимдин, укуктук аң-сезимдин, жарандык аң-сезимдин маселеси го дейм.
- Саясий маданияттын да. Биздин элдин сабырдуулук жактары бар. Бирок жооштон жоон доош чыгат дегендей, ачуусу чегине жеткенде жанагындай көтөрүлүп, бийликти алмаштырат. Буга биринчи себепте ошол бийликтин өзү күнөөкөр. Ошол абалга жеткирбе да. Улуу акын Арстанбектин "эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң" деген керемет саптары бар. Элден чыгып баратсаң, көөп баратсаң, жеп-жалмап жатсаң, эл дагы бир күн толкуйт да. Ошого сен өзүң жеткирип жатасың. Ошон үчүн бийлик качан болбосун өзүн элден бөлбөстөн, эл алдында эсеп-кысапты так берип, ачык болууга тийиш. Анан эч качан аша чаап кетпей жана башка бирөөлөрдү төмөнсүнтпөш керек. Бир сөз менен айтканда, эл менен тең катар жүргөн жакшы.
- Сиз 32 жылдык саясий тарыхыбызда бир топ алешемдиктерге жол берилгенин айтып жатпайсызбы, ошол эле учурда Кыргызстан "демократия аралчасы" аталып, ачык коом куруу, сөз эркиндигин баалоо, саясий активдүүлүктү жогорулатуу сыяктуу аң-сезимди өнүктүрүүчү жараяндар да болуп өтпөдүбү.
- Албетте, бул нерселер - Кыргызстандын жетишкендиктеринин бири. Биз "демократия аралчасы" деп аталганыбыздын жөнү да ошондон. Коңшу мамлекеттерге салыштырганда биз бул жагынан чын эле алдыга оздук. Нарк экономикасына өтөлү, демократияга өтөлү деген биздин багытыбыз туура эле болгон. Алгачкы президенттин ою да ушундай эле. Парламент да ошондо аракет кылды. Мен өзүм жеке ошол иштерге аралашкан киши катары айтсам, ушул кезге чейин колдонуп келе жаткан маалымат каражаттары тууралуу мыйзамды мен маалымат министр болуп турганда даярдаганбыз. Орунбасарым Төлөгөн Козубекович болчу, ошол экөөбүз 1992-жылы Жогорку Кеңеште (мен ал кезде вице-премьер министр болуп калган болчумун) өткөргөнбүз. Ошентип, эркин, көз карандысыз басма сөзгө жол ачканбыз. Мурда, союз убагында баардыгын жогортон партия чечер эле. Главлит деп койчу, атайын цензура бар болчу, биз ошонун баарын жоюп, гезит-журналдарды ээн-эркин каттап, ишмердик жүргүзгөнгө уруксат кагаз бере баштаганбыз. "Асаба", "Аалам", "Республика", "Кыргыз руху" өңдүү алгачкы эркин гезиттерди мен министр болуп турганда каттап, аларга ак жол каалап, батамды бергенмин. Аталган гезиттер көп жылга чейин чыгып келди. Атаандаштыкка да жол берилди. Кийин каатчылыктан, дагы башка себептерден улам чыкпай калды.
Ачык эле айтайын, Аскар Акаевичтин убагында да, кийин да ар кандай жагымсыз иштер болду, "Республиканы" жаап, редакторун соттошту. "Кыргыз Рухундагы" Бекен Назаралиев да кийин дагы бир гезит чыгарганда куугунтукка кабылган. Алтын маселесине байланыштуу (Жогорку Кеңештин комиссиясынын отчетун жарыялаганы үчүн) "Свободные горы" аттуу гезит да ушундай мамилеге туш болду. Мындай куугунтук Бакиевдин маалында да, Алмаз Шаршеновичтин учурунда да токтогон жок. Журналисттерди доого жыгышты, каржылык жактан кысышты дегендей. Жашырганда эмне, бул көрүнүш азыр да кайталанып жатат. Азыр силердин ишиңер кайра жолго коюлуп, элге чыгып жатканыңырга кубанып жатам. Мен убагында ушул ишти колдогондордун бири болгонмун.
- Кыргызстандын ичиндеги азыркы абалга келе турган болсок, бир катар саясий окуялар орун алууда. Сиз өзүңүз белгилеп өткөндөй, сөз эркиндиги, адам укугу, жарандык активдүүлүккө байланыштуу ар кандай окуялар жүз берип, бир катар эл аралык уюмдар буга карата чочулоолорун билдирип жатат. Мисалы, ошол эле Кемпир-Абад маселесине байланышкан камоолор боюнча. Бийлик болсо мунун баарын тартипке салуу катары сыпаттап келүүдө. Сиз өлкөдөгү азыркы кырдаалды кандай баалайсыз?
- Сен айтып кеткен эки аша чабууну, чекиликти башынан туура көрбөйм. Эркиндиктин да, демократиянын да өзүнүн чеги болуш керек. Баардык нерсе мыйзамдуу болушу зарыл. Тилекке каршы, бизде ошол аша чабуулар башынан эле боло келген. Шайлоо убагында стратегиялык жолдорду тосуу, Ак үйдү басып алуу адатка айланбадыбы. Аша чабуу бул мыйзамды толук өзүңө сиңирип, ошону сактабагандыктан болот. Бул бир жагы, экинчи жагы бийликтин өзү да такай жоопкерчиликти сезе билип, мыйзам менен эсептешип, мыйзамды өзү сактап, оюн эркин айткандарды же сын айткандарды куугунтуктаганы туура эмес.
Мен Кемпир-Абаддын тегерегиндеги окуяларга байкоо салып турдум, бирок өзүм аралашкан жокмун. Албетте, кыргыздын канча мыкты уул-кыздары камалып жаткандыгына өкүнөм. Негизи мындай талаштарды тынчтык жолу менен, кечиримдүүлүк жолу менен жайгаруу шарт. Себеби маселе чечилди. Мен маселенин чечилишин колдойм. Өзбекстан менен чек араны тактап алдык. Мамилебиз да жакшырды. Ушундай шартта бийлик дагы, урматтуу президент дагы, Камчыбек Кыдыршаевич иним дагы өткөн ишке салават деп койсо жакшы болмок. Алардын иши калыс териштирилсе деген тилектемин (мен алардын иши тууралуу толук маалыматым жок). Мен Нельсон Манделаны, Махатма Гандини мисал келтирип көп айтам. Ал өзүн аткан кишини "мен өз тагдырымды өзүм тартайын, аны жайына койгула, ал бечара да күн көрсүн" деп кечирген экен. Мына, Нельсон Мандела өзүн түрмөгө камагандарды кечирип, жалпы элин эркиндикке чыгарды, туурабы. Биз дагы бөлүнүп-жарылып көп араздаша бербей, Кыргызстанда тынчтыкты, бейпилдикти сактасак. Эч ким мыйзамсыз жолдор менен аракет кылбаса, куугунтук да болбосо. Бийликтегилерби, катардагы жаранбы – мыйзамды сөзсүз сакташы керек.
- Ошол эле учурда ушул сыяктуу кескин чаралардан улам жарандык коомбу, саясий тутумдагы оппозиция дейлиби, туура эмес иш болуп жатса өз оюн ачык айтуудан жалтайлап, чочулап жаткандай сезилбейби сизге? Ошол эле интеллигенциянын арасында деле… Мындай көрүнүш жалпы жүрүп жаткан процесстерге өз кесепетин тийгизиши мүмкүнбү?
- Албетте, мен эч убакта жымсалдаганды жактырбайм. Болгонун болгондой айтыш керек. Кыргызстанда ошондой кырдаалдын бир топ көрүнүштөрү бар. Мунун себептери интеллигенция бечелирээк. Турмуш-тиричилиги начар. Кыйналып турган киши өзү баш көтөрө албайт. Башында айтып өтпөдүмбү, эгерде адам дени сак, курсагы ток, кичине шарты болсо анан саясатка аралашат да. Бул тууралуу убагында Ленин да айтып кеткен эмеспи. Демек, мажирөөлүктөн, турмуштун оорчулугунан улам баш көтөргөндөр аз болот. Тилекке каршы, окумуштуулардын көбү чечкиндүү эмес, убагында орустардан Сахаров, Солженицын ж.б.у.с. чыккан. Көбү каржылык-экономикалык жагдайдан улам сактанат. Анан куугунтукталып каламбы деп чочулайт. Басма сөз ээлери же кызматкерлери, же бейөкмөт уюмдардан кимдир-бирөөлөр өз пикирин ачык айтканы үчүн кармалып, тергелип же абакка отурса, албетте таасир этет. Эгерде эки тарап тең калыстыкка умтулса, ошондо Кыргызстан утукка ээ болот.
- Дүйнөдөгү учурдагы олку-солкулуктан жана Украинадагы согуштан улам эгемендик, эркиндик деген түшүнүктөрдүн, ал үчүн күрөштүн мааниси дагы да тереңдегендей болду. Орусиянын Украинадагы согушуна байланыштуу дүйнө жүзүндөгү тартип, күчтөрдүн теңдеми жөнүндө ар түрдүү пикирлер айтылып келе жатат. Мындай саясий кырдаалда Кыргызстан кандай сабак алышы керек?
- Мен Орусия менен Украинанын ортосундагы урушту абдан чоң кайгы деп эсептеймин. Өзүмө да өтө жакын кабыл алам. Себеби чогуу жашаган бир мамлекет болчубуз. Ал эми орус, украин, беларус - биз түрк элдери сыяктуу эле түбү бир эл. Бул согушту тутандыргандарга мен нааразычылык билдирем, туура көрбөйм. Ошонун айынан эки өлкө эле бөлүнбөй, дүйнө чайпалып жатат. Батыш деп, Түштүк деп. Ар кимиси өзүнчө чогулуп. 20-кылымда эки чоң согушту көрдүк. Азыр да ошондой болушка аз эле калып турат, арты кандай бүтөт, ким билет… Кудай сактасын! Ушундай опурталдуу шартта Кыргызстандын жетекчилигинин азыркы карманган жолун туура деп эсептейм. Абдан кылдат саясат жүргүзүшүбүз керек – бизге кайсы бир жагына кошулуп кеткенге болбойт.