Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:44

Орус паспорту бар мигранттарды согушка салуунун айла-амалы


Украинага аттанган жоокерлер. Грозный шаары. 25-февраль, 2022-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинага аттанган жоокерлер. Грозный шаары. 25-февраль, 2022-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда орус жарандыгын алган мурдагы мигранттарды Украинадагы согушка тартуу тууралуу сөздөр көбүрөөк козголо баштады.

Мамлекеттик Думанын депутаты "армияга барбай, аскердик милдетин өтөбөгөн мурдагы мигранттарды жарандыктан ажыратуу" мыйзам долбоорун сунуштады. Ошол эле маалда атайын рейддердин алкагында аскердик каттоого турбаган орус паспорту барларды аныктоо иши жүрүп жатат.

Укук коргоочулардын айтымында, учурда чет өлкөлүктөрдү жарандыгы бар-жогуна карабай ар кандай жолдор менен согушка азгыруу күч алды.

Асылбектин (белгилүү себептер менен ысымы өзгөртүлдү) орус жарандыгын алганына үч жыл болду. Ал аскердик комиссариатка учурунда каттоого турган эмес. Орус мыйзамдарына ылайык, жарандык алган адам эки апта ичинде аскердик каттоого туруш керек.

Асылбек үч жыл мурда мындай талап болбогонун айтууда.

"Челябинскиде иштейм. Көчөдө баратканда эле документтерди текшерип, кармап кетти. Аскердик комиссариатка алып барып каттоого тургузушту, ал жактан башка кыргыздарды көргөн жокмун. Он чакты өзбек бар экен. "Согушка барасың" деп айткан жок. Эч кандай келишим да сунуштабады. Билбейм эми, бешенебизге жазганын көрөбүз да. Согушка ким эле баргысы келсин? Баарыбыз эле жакшы жашайлы, ата-эне, бала-чакабызды багалы деп жүрөбүз ушул жерде".

Орус паспортун алып, аскердик каттоого турбаган мурдагы мигранттарды аныктоо рейддери август айында бир катар аймактарда жүргүзүлдү.

Санкт-Петербургда эки күндүк рейддин алкагында полиция жүздөй чет өлкөлүктү аскер комиссариатына жеткирген.

Ушундай эле иш-чаралар Чебоксары, Новочебоксары, Калуга жана Белгороддо өттү. Орлов облусунда таштанды иштетүүчү заводдо эмгектенген элүүдөй чет өлкөлүккө аскер комиссариатына чакыруу тапшырылды.

Калуга облусунда бийлик мигранттар Украинадагы согушка катышуу келишимин түзмөйүнчө, алардын жарандыкка тапшырган документтерин албай жатканын "Адам укуктары үчүн" уюмдун башчысы Татьяна Котляр "7х7" Телеграм-каналына маалымдаган.

Облус губернатору Владислав Шашпа укук коргоочуларга арызданганы үчүн мигранттарды уяткарды.

"Арыздангандар орус тилин жакшы билбейт окшойт. Ошондуктан аларга келишим түзүүнү сунуштабай эле күчтөп жаткандай сезилсе керек. Бизге мындай жарандардын кереги жок. Алар алгач орус тилин үйрөнүп алсын", - деп жазды Шашпа.

Орусиядагы мигранттар маселеси менен алектенген укук коргоочу Валентина Чупиктин "Азаттыкка" айтымында, согушка барууга келишим түзүү сунушу түшкөнүн айткан ондогон кыргызстандыктар ага ай сайын кайрылууда:

"Бир гана жарандык эмес, башка макамдарды алууну көздөгөн мигранттарды дагы күчтөп эле аскер комиссариаттарына жиберип жатат. Азыр бир дагы документ иши аскердик комиссариаттан атайын кагаз (справка) алмайынча бүтпөйт. Ал эми ал жактан мигранттарды алдоо жолу менен эч нерсе окутпай эле кол койдуртушат. Болбосо коркутуп, мажбурлоо жолу менен ыктыярдуу аскердик кызмат өтөө келишимине кол койдуртуп алышат. Мындай миңдеген фактылар бардык аймактарда катталууда".

Чупик кошумчалагандай, кыргызстандыктар негизинен убактылуу же узак мөөнөткө жашоого уруксат алууга барганда, аларга согушка чакырып, келишим сунушташат.

Расмий эсепте, орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны 600 миңден ашуун. Алардын бир бөлүгү кыргыз паспортунан баш тартпаганы кабарланып келет.

Орусиянын атуулдугун алган борбор азиялыктарды согушка тартуу өнөктүгү Москва Украинага согуш ачканда башталган. Алгачкы айларда орусиялык армияда же Орусиянын чет жактагы базаларында кызмат өтөгөн чет элдиктер тартылып келген.

Жарандыктан ажыратуу сунушу

Соңку жумаларда орус басылмаларында жана Телеграм-каналдарда мурдагы мигранттардын аскердик каттоосун аныктаган рейддердин жүргүзүлүшүн жактаган макалалар байма-бай жарык көрүүдө.

Маселен, "Независимая газета" басылмасына берген комментарийинде саясий илимдердин кандидаты Михаил Бурда "жакшы пенсия, билим алып, медициналык камсыздоого ээ болуп, укуктарыңдын сакталышын каалайсыңбы - кызмат өтө" деп айткан.

Буга чейин ушундай эле пикири менен Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин дагы бөлүшкөн.

"Орустар фронтто жүргөндө, мигранттар күнүмдүк турмушубузду ээлеп жатат. Эгер алар Орусиянын атуулу болсо, жарандык алса, алдыңкы катарда согушсун".

Бир катар орусиялык басма сөз каражаттары саясат таануучу Владимир Лепехинге таянып, сентябрдын соңунда жарыялана турган ыктымал мобилизация негизинен орус атуулдугуна өткөн мигранттарга багытталышы мүмкүн экенин жазган.

Лепехин 2000-жылдан кийин жарандык алган чет өлкөлүктөргө басым жасоо керектигин айткан.

Мамлекеттик Думанын депутаты, Аймактык саясат жана өз алдынча башкаруу комитетинин башчысы, мигранттарга каршы көз карашы менен белгилүү Михаил Матвеев "жарандык алган, аскердик милдетин өтөбөгөн мурдагы мигранттарды жарандыктан ажыраткан мыйзам долбоору жакында караларын" билдирди. Матвеев мурдараак мындай мигранттарды депортациялоону, үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрүн дагы жарандыктан ажыратууну сунуштаган.

"Чоң согуш жакындап калды"

Мурдагы мигранттарды согушка тартууга жол ачкан мыйзамдардын тобун быйыл жайында Мамлекеттик Дума кабыл алып, президент кол койду.

Коргонуу комитетинин башчысы, депутат Андрей Картаполов кесиптештерин мыйзамды колдоп коюуга чакырып жатып, "мыйзам чоң согуш үчүн, жалпы мобилизация үчүн жазылган. Чоң согуш жакындап калганы байкалып турат" деген эле.

Орусиянын президенти Владимир Путин Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, Украинадагы согуштук аракеттерге катышууга макул болгон чет элдиктерге жеңилдетилген жол аркылуу жарандык берүүнү караган буйрукка кол койду.

Документке ылайык, Украинада согушка катышууга бир жылдык келишимге кол койгон чет элдиктер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жарандыкты өтө жеңилдетилген шартта алышат.

Согуш башталгыча орус жарандыгын алуу үчүн үч жылдан кем эмес кызмат өтөп, беш жылга келишим түзүшү абзел.

Путин кол койгон мыйзамга ылайык, аскердик комиссариаттан чакыруу жөнөтүлүп, ал аскерге милдеттүүлөрдүн бирдиктүү реестрине катталган күндөн тартып жаранга чет жакка чыгууга тыюу салынат.

Чакыруу алган жаран 20 күн ичинде өз ыктыяры менен жергиликтүү аскердик комиссариатка келбесе, анда кошумча чектөөлөргө кабылат.

Мисалы, ага кыймылсыз мүлкүн сатууга же сатып алууга, жеке ишкер катары катталууга, насыя алууга тыюу салынат. Анын айдоочулук күбөлүгү да чектелет.

Юрист Илья Монарх быйыл күздө мобилизация жарыяланса, мигранттар тартылышы мүмкүн деген тобокелдик жогору экенин белгилеген. Бул тууралуу ал өзүнүн YouTube каналында айткан:

"Эгер сиз жакында эле орус жарандыгын алган, мурдагы мигрант болсоңуз анда сизде кооптонууга чындап негиз бар. Мурдагы мигранттарды армияга чакыруу эмнеге оңой деп эсептейм. Анткени мурдагы мигрант Орусия Федерациясынын мыйзамдарын жакшы билбейт", - дейт ал.

Орусиядагы "Русь сидящая" фондунун башчысы Ольга Романова орус жарандыгын алган мурдагы мигранттарды фронтко тартууну түрмөдөгүлөрдү согушка азгыруу саясатынын уландысы деп эсептейт.

"Орус паспорту барлар менен гана чектелип жатканын түшүнө албай турам. Анткени абактагыларды согушка алып кетип жатканда паспортуна карашкан эмес. Беларус, Молдова, Кавказ жана Борбор Азия мамлекеттеринин атуулдарын паспортторуна карабай эле согушка тартышкан. Документ эч кимди токтоткон эмес".

Ольга Романова мигранттарды мүмкүн болушунча эртерээк орус жарандыгынан баш тартып, мекенине кайтууга чакырды.

"Эгер украиндерди өлтүрүүнү каалабасаңар анда силерде кетип калууга мүмкүнчүлүк бар. Силерге жүз миңдеген орусиялыктар көз артат. Анткени өз мекениңер бар, ал эми орусиялыктар андай кыла албайт."

Кыргызстандын бийлиги чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышкан кыргыз жарандары жоопко тартыларын эскертип келет. Орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган беш кыргызстандык каза болгону аныкталган.

XS
SM
MD
LG