Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:05

Жалал-Абадда "Барселона" футбол академиясынын ачылышы болот


"Барселона" футбол академиясы. Жалал-Абад шаары.
"Барселона" футбол академиясы. Жалал-Абад шаары.

Бүгүн, 29-августта Жалал-Абад шаарында испаниялык “Барселона” клубунун футбол академиясынын ачылышы өтөт.

Бул иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстанга “Барселона” клубунун президенти Жоан Лапорта жана клубдун мурдагы оюнчулары Карлес Пуйоль, Эдгар Давидс, Ривалдо жана башка оюнчулар келди.

Бул күнү президент Садыр Жапаров 29-августта “Барселонанын президенти жана өкүлдөрү менен жолугушуп, алар жаштардын футболго кызыгуусун арттырып, шык берип келерин билдирди.

Коноктор футболдук академиянын ачылышына катышып, ушул эле күнү Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек стадионунда көргөзмө оюн өткөрөт.

30-августта Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо “Барселонанын” мурдагы оюнчулары Азиянын ардагер футболчулары менен беттешет.

Буга чейин “Барселона” клубунун Жалал-Абаддагы футбол академиясын ачууга президент Садыр Жапаровдун жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындары катышып жатканы кабарланган.

26-августта президент Садыр Жапаров “Кабарга” курган маегинде муну ырастап, мамлекет буга 16 гектар жер гана бөлүп бергенин билдирген. Калган чыгымдарды Жапаров-Ташиевдер менен чет өлкөлүк инвесторлор көтөрө турганын тактаган.

Президент билдиргендей, “Барселона” клубу Бишкек шаарына өз каражатына футбол академиясын ачат.

"Барселона" - 1899-жылы негизделген каталониялык футбол клубу. Ал Испания боюнча 77, эл аралык жана европалык 20 титулдун ээси. “Барселона” академиясы жана клубдун Борбор Азиядагы башка франшизалары JalGroup Asia компаниясына таандык болот.

XS
SM
MD
LG