Тажикстанда бир нече күндөн бери нөшөрлөп жааган жаандан кийин башталган суу ташкындан 13 кишинин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу 28-августта өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар комитети билдирди.
Адам өмүрүн алган кырсык башкалаа Дүйшөмбүнүн чыгыш жана түштүк тарабында жайгашкан Вахдат жана Рудаки райондорунда болгон.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, табият кырсыгынан жабыркагандарга жардам берүүнү жана кесепеттерин жоюну тапшырды.
Баш калаа Дүйшөмбүдө көнөктөп жааган жаандан улам электр жарыгы бир нече саатка өчүрүлдү. Бир нече кан жолдо кыймыл токтоду.