Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:22

Бишкек прокуратурасы "Клооп" басылмасын жабуу боюнча сотко кайрылды


"Клооп" басылмасынын сайты. Архив.
"Клооп" басылмасынын сайты. Архив.

Бишкек шаардык прокуратурасы Бишкектин Октябрь райондук сотуна “Клооп” басылмасын жабуу боюнча арыз жазганы белгилүү болду. Бул маалыматты райондук соттун басма сөз кызматы ырастап, иш сот өндүрүшүнө өткөнүн билдирди.

Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда, “Клооп” басылмасы жарыялаган материалдарында “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү жарыялары басымдуулук кылары” жазылган.

Прокуратуранын катында “Клоопко” карата 2021-жылы ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “бийликти басып алууга чакырык жасаган” деген айып менен сотко чейинки териштирүү жүргүзгөнү, буга байланыштуу экспертизалар дайындалганы да айтылды.

Прокуратуранын арызы боюнча “Клооп” комментарий бере элек.

Басылманын соңку иликтөөлөрүнүн биринде мамлекеттин жерине “Барселонанын” академиясынын имаратын салууга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин балдары жана мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары, “Росатом” компаниясынын Казакстанда көмүр казган күмөндүү өнөктөшү аралашып жатканы сөз болгон.

Кийин президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде буга жооп берип, “Клооп” баштаган сайттарга кайрылып, аларды “жалаң негатив жазып, инвесторлорду качырып жатат” деп айыптаган.

“Клооп” 2008-жылдан бери иштейт, чуулгандуу бир катар иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган.

XS
SM
MD
LG