Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:39

Кемпир-Абад: дагы үч киши үй камагына чыгарылды


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар. Архив.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар. Архив.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты. Бул тууралуу адвокат Кантемир Турдалиев 28-августта “Азаттыкка” билдирди.

Алардын бөгөт чарасы 28-августта Бишкек шаардык сотунда каралды. Турдалиев бул иш боюнча абакта жаткан башка кишилердин бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылганын айтты.

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан алты киши - Жеңиш Молдокматов, Марат Баязов, Айданбек Акматов, Айбек Бузурманкулов, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Азимбек Бекназаров ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыковдун аракеттерине нааразылык билдирип, 22-августтан тарта ачкачылык жарыялашкан. Тергөө абагындагылар муну соттук териштирүүгө байланыштырып, Жаза аткаруу кызматына дооматы жок экенин билдиришкен.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан отузга жакын белгилүү саясатчы, активист былтыр октябрда Бишкектеги “Casa Italia” кафесиндеги жолугушуудан кийин кармалып, тергөө абагына камалган, кийин алардын айрымдары үй камагына чыккан.

Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Айыпталгандар бийликти сындаганы үчүн куугунтукка кабылганын айтып жатышат.

Ал эми президент Садыр Жапаров кармалгандарды “төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан.

Бир катар эл аралык уюмдар, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигин бул ишти адилет териштирүүгө чакырышкан.

XS
SM
MD
LG