Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:21

Беларуста "Вагнердин" лагериндеги чатырлар жыйналып жатканы кабарланды


Planet Labs тараткан сүрөттөрдөн "Вагнердин" лагериндеги чатырлар азайып жатканын көрүүгө болот.
Planet Labs тараткан сүрөттөрдөн "Вагнердин" лагериндеги чатырлар азайып жатканын көрүүгө болот.

Беларустагы Цель айылынын жанында жайгашкан "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын лагери жоюлуп жатат. Муну Planet Labs тараткан сүрөттөргө таянып "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун беларус кызматы жазды.

Planet Labs 23-августта тарткан сүрөттөрдө 273 аскердик чатырдын 101ү жыйналганын көрүүгө болот. Алардын ар бири 20дай кишиге эсептелген.

Маалыматка караганда, лагерди жоюу иштери 1-августта эле башталган. "Вагнерге" байланышы бар Телеграм-каналдар жалданма жоочулардын жарымы эс алуу өргүүсүнө чыкса, башкалары Африкага жөнөтүлгөнүн жазышты.

Ошондой эле жалданма жоочулар Беларустун башка аймактарына да көчүрүлүшү мүмкүн деген божомолдор бар.

"Вагнердин" жоочулары Беларуска Орусиядагы аскердик компаниянын негиздөөчүсү Евгений Пригожин уюштурган "куралдуу козголоңдон" кийин көчө башташкан.

"Беларуськи хаюн" долбоору ачык маалыматтарга таянып билдиргендей, Беларуска жалпысынан эки миңден ашуун "вагнерчи" кирди.

23-августта Евгений Пригожин баратканы айтылган учак Тверь облусунда кулаган. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында борттогу он адамдын бири дагы тирүү калган эмес.

XS
SM
MD
LG