Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:38

БРИКС уюму Иран менен Сауд Арабияны мүчөлүккө чакырды

Бразилиянын президенти Лула да Силва, Кытайдын лидери Си Цзинпинь, Түштүк Африканын президенти Сирил Рамафоза, Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров БРИКСтин саммитинде. Йоханнесбург, Түштүк Африка. 22-август, 2023-жыл.

Экономикасы өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн бирикмеси - БРИКС уюму Иранды, Аргентинаны, Египетти, Эфиопияны, Сауд Арабияны жана Бириккен Араб Эмираттарын кошуу чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу Түштүк Африканын президенти Сирил Рамафоса 23-августта билдирди.

Блокту кеңейтүү боюнча талкуулар Йоханнесбургда бейшембиде жыйынтыкталган үч күндүк саммитте жүрдү.

Уюмга мүчө мамлекеттердин лидерлери блоктун кеңейишине макул болгону менен, алардын арасында чакыруу мөөнөтү боюнча талаш-тартыштар жаралган эле.

БРИКСке экономикасы өнүгүп жаткан Бразилия, Орусия, Индия, Кытай, Түштүк Африка Республикасы мүчө. 2006-жылы түптөлгөн бул уюмдун аталышы аталган мамлекеттердин баш тамгасынан куралган (BRICS - Brazil, Russia, India, China, South Africa).

БРИКС бириктирген мамлекеттер дүйнө калкынын 40% көбүн жана глобалдуу ички дүң өндүрүмдүн 22,5% түзөт.

Жаңы талапкерлер уюмга 2024-жылдын 1-январынан тарта мүчө болушат.

XS
SM
MD
LG