Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:25

Украина Работино айылы орус күчтөрүнөн бошотулганын кабарлады


Украин аскерлери орус күчтөрүнөн тазаланган Работино айлындагы жергиликтүү тургун менен учурашып жатышат. 22-август, 2023-жыл.
Украин аскерлери орус күчтөрүнөн тазаланган Работино айлындагы жергиликтүү тургун менен учурашып жатышат. 22-август, 2023-жыл.

Украин аскерлери айыгышкан салгылашуунун натыйжасында Запорожье облусундагы Работино айылына киришти. Бул тууралуу Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр билдирди.

«47-бригаданын жоокерлери Работиного катуу кармаш менен киришти», - деп жазды Маляр Телеграмга.

Ал эми 47-бригада Интернетте жайгаштырган видеодон көздөрүнө жаш алган жергиликтүү аялдар жоокерлерди тосуп жатканын көрүүгө болот.

Маляр кошумчалагандай, учурда жергиликтүү тургундарды эвакуациялоо иштери жүрүп жатат. Ал эми орус армиясы айылды артиллериядан тынымсыз аткылоону улантууда.

Америкалык Согушту изилдөө институту украин армиясы 20-21 август күндөрү Работино аймагында "тактикалык ийгиликтерге жетишкенин" тактады.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул тууралуу азырынча эч кандай билдирүү жасай элек.

Буга чейин орусиялык аскердик блогерлер орус армиясы айылдын түштүк тарабын эле көзөмөлдөп калганын жазышкан.

Работино айылы стратегиялык деп саналган Мелитополь шаарына бараткан жолдо жайгашкан. Бул айыл үчүн кармаш контрчабуул башталган июнь айынан бери жүрүп жаткан. Украин аскерлерине бул айылды өз көзөмөлүнө алыш үчүн мина талааларынан өтүүгө туура келген.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG