Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:54

Ленин округундагы кайра шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды


Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга арыз берген 34 кишинин 25ин талапкер кылып каттады. Алардын арасында Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып үй камагына алынган активист Чыңгыз Капаров жана июлдун башында Бишкекте таза сууну талап кылган акцияга байланыштуу камакка алынган дагы бир активист Эртай Искаков бар.

Боршайкомдун мүчөсү Абдыжапар Бекматов 21-августтан тарта шайлоонун үгүт иштери башталганын билдирди. Ленин округунда кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт.

Боршайком 28-майдагы шайлоонун жыйынтыгын 16-июнда жараксыз деп тапкан. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо 35,86% добуш менен биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болуп келген Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон.

Эки талапкерге тең “шайлоочулардын добушун сатып алган” деген айып коюлган.

Мыйзам боюнча эгерде добушканага келгендердин 30% көбүнүн добушу жокко чыгарылса, анда шайлоо өткөн жок деп табылып, бир ай ичинде жаңы шайлоо дайындалат. (BTo)

XS
SM
MD
LG