Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Энергодардагы орус полициясынын имаратына сокку урулду


Энергодардагы Запорожье АЭСи.
Энергодардагы Запорожье АЭСи.

Украинанын башкы чалгын кызматы Запорожье облусундагы орусиялык күчтөр басып алган Энергодар шаарындагы полициянын имаратында 18-августтун таңында жарылуу болгонун билдирди.

Жарылуу Орусия дайындаган полиция жетекчилери жыйын өткөрүп жатканда болуп, бир катар жогорку кызматтагы офицерлер жараат алган.

Мекеме жарыялаган видеодон сокку учкучсуз учак менен урулганын көрүүгө болот.

Жарадар болгондор арасында шаар полициясынын Орусия дайындаган жетекчиси, Чувашиядан которулуп келген полковник Павел Чесанов, анын орун басары жана бир катар жетекчилер бар. Украина тарап жарадарлар реанимобиль менен Мелитополго жеткирилгенин, имаратта өрт чыкканын билдирди.

Орусия басып алынган Мелитополдун мэри Иван Федоров Эноргодарда катуу жарылуу болгонун билдирип, имараттын сүрөтүн жарыялады.

Айрым орусиялык Телеграм-каналдар сокку урулганын ырастап, "жабыр тарткандар" жок экенин жазышты. Орусиянын расмий адамдары бул окуяга комментарий берген жок.

Энергодарды орусиялык күчтөр 2022-жылы мартта басып алган. Шаарда Запорожье АЭСи жайгашкан.

XS
SM
MD
LG