Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:37

"Шереметьеводон" уча албай калган кыргыз жарандары боюнча маалымат берилди


"Шереметьево" аэропорту. Архивдик сүрөт.
"Шереметьево" аэропорту. Архивдик сүрөт.

Москванын «Шереметьево» эл аралык аэропортунан өз убагында уча албай калган кыргыз жарандары жакынкы каттам менен жөнөтүлмөй болгонун 18-августтун кечинде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, “Аэрофлот” авиакомпаниясы менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, натыйжада ушундай чечим кабыл алынды.

Жүргүнчүлөр жаңы авиабилетти буга чейинкинин баасынан бир аз гана айырма менен сатып алышканы, аэропортто алар суу жана ысык тамак менен камсыз болгону маалымдалды.

Учакка үлгүрбөй калганын айткандардын видеосу социалдык түйүндөргө жарыяланган. Алар Бишкекке уча турган 25 чакты жүргүнчү каттоого эрте эле барганын, бирок кезек көп болуп, текшерүү узакка созулуп кеткенинен жетишпей калганын, “Аэрофлот” да, аэропорттун администрациясы да көңүл бурбай жатканын айтып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG