Бразилиялык футболчу Неймар француздардын «Пари Сен-Жермен» (ПСЖ) клубунан Сауд Арабиянын «Аль-Хиляль» клубуна өттү. Бул тууралуу 15-августта жарыяланды.
«Мен бул жакта, Сауд Арабиядамын. Мен эми «Аль-Хилялдын» мүчөсүмүн», - деди 31 жаштагы Неймар саудиялык клубдун социалдык тармактардагы баракчаларына жарыяланган видеодо.
Неймар ПСЖ клубуна 2017-жылы «Барселонадан» рекорддук өлчөмдөгү (222 миллион евро) акы менен өткөн.
LʼEquipe басылмасы жазгандай, Неймардын айлыгы жаңы клубда жылына 80 миллион еврону түзөт.
ПСЖ үчүн бразилиялык чабуулчу 173 оюнда 118 гол киргизген. Клуб бул аралыкта Франциянын беш жолку чемпиону, үч жолу Франция кубогунун ээси болгон.
Сауд арабиялык клубдарга буга чейин португалиялык футболчу Криштиану Роналду жана франциялык Карим Бензема да өткөн.