Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:43

Орусияда жарандык алган 100дөй чет өлкөлүк аскер комиссариатына жеткирилди


Москванын Бирюлово районундагы полициянын рейди маалында кармалган мигранттар. 14-октябрь, 2013-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Москванын Бирюлово районундагы полициянын рейди маалында кармалган мигранттар. 14-октябрь, 2013-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын түштүгүндө эки күндүк рейд маалында полиция орус жарандыгын алып, бирок аскердик каттоого турбаган жүздөй чет өлкөлүктү аныктаган. Алардын баары калаанын Фрунзе райондук аскер комиссариатына жеткирилгенин Шаардык милиция башкармалыгынын маалыматына таянып ТАСС маалымат агенттиги 16-августта жазды.

"Текшерүүнүн жыйынтыгында 400дөй чет элдик жаран аныкталды. Алардын 55и Орусияда миграциялык мыйзамды бузуп жүргөн. Орусиянын жарандыгын алган, бирок аскердик каттоодо турбаган жүздөй чет элдик аныкталды", - деп жазылган милиция тараткан билдирүүдө.

Кармалгандар кайсы өлкөдө туулуп-өскөнү такталган эмес.

Орусиянын бардык аймактарында 19-25-июнь күндөрү “Нелегал-2023” рейди өткөнү маалымдалган. Интернетте Орусияда полиция кызматкерлери көчөдө чет өлкөлүктөрдү кармап, автоунаага күчтөп салып бараткан видеолор тараган. Анын алкагында миңдеген мигрант депортацияланган.

Талдоочулардын айтымында, рейддердин башкы максаттарынын бири - мигранттарды депортация менен коркутуп, Украинадагы согушка жөнөтүү.

XS
SM
MD
LG