Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:48

Жапаров менен Арипов кыргыз-өзбек кызматташтыгын талкуулашты


Садыр Жапаров жана Абдулла Арипов.
Садыр Жапаров жана Абдулла Арипов.

Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташтыгы боюнча өкмөт аралык биргелешкен комиссиянын кезектеги отурумуна катышуу үчүн бүгүн 15-августта Чолпон-Атага келген өзбек премьер-министри Абдулла Арипов менен президент Садыр Жапаров жолугуп, ортодогу кызматташтык маселелерин талкуулады. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча пикир алышуу болду.

“Мамлекет башчысы кыргыз-өзбек мамилелеринде эки тараптуу кызматташуунун дээрлик бардык багыттарында болуп көрбөгөндөй оң өзгөрүүлөр болгонун айтып, мындай биргелешкен ийгиликтерде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин өзгөчө маанилүү ролун баса белгиледи. Садыр Жапаров акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы өз ара сооданын ырааттуу өсүүсү байкалганына канааттануу менен токтолуп, бүгүнкү талкууланган маселелер жана жетишилген келишимдер эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн деңгээлинде толук ишке ашат деген бекем ишенимин билдирди. Өзбекстандын премьер-министри президент Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарында кабыл алынган тарыхый чечимдерге басым жасады. Анын ичинен кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процесси аяктаганына токтолду”, - деп билдирди басма сөз кызматы.

Ортодогу чек ара боюнча делимитация жана демаркация процесси жыйынтыкталганын президент Садыр Жапаров быйыл 27-январда Бишкекке мамлекеттик сапар менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёев келип кеткенде айткан. Ал бул күндү тарыхый күн деп атап, чек ара маселесине чекит коюлганын билдирген.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан жер маселеси былтыр өлкөдө чоң саясий темага айланган. Бийлик Кыргызстандын кызыкчылыктары толук корголгонун билдирген. Анын жери өзбек тарапка өтүп жатат деген кооптонуусун айтып чыккан жыйырмадан ашуун саясатчы жана активист камакка алынган, алардын айрымдары үй камагына чыкты, калгандары тергөө абагында отурат. (RK)

XS
SM
MD
LG