Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:55

Боснияда миңдеген киши түз ободо аялдын өлтүрүлүшүн айыптап чыкты


Босния жана Герцоговинада аялдын киши колдуу болушун айыптаган акцияга чыккандар. 14-август, 2023-жыл.
Босния жана Герцоговинада аялдын киши колдуу болушун айыптаган акцияга чыккандар. 14-август, 2023-жыл.

14-августта Босния жана Герцоговинада Инстаграмда түз ободо аялдын өлтүрүлүшүн айыптаган нааразылык акциясына миңдеген адам чыкты. 11-августта Градачац шаарынын тургуну социалдык түйүндө түз ободо мурдагы аялын автомат менен маңдайга аткан, ары жакта баланын ыйы угулуп турган.

Расмий маалыматка караганда, түз тартып көрсөтүлгөн окуяга 12 миңдей адам күбө болгон.

35 жаштагы кылмышка шектүү фитнес машыктыруучусу болуп иштечү. Ал буга чейин полицияга кол салуу жана маңзат аткезчилигине айыпталып, камалып чыккан. Маалыматка караганда, шектүү адам окуядан кийин өз жанын кыйган. Ал дагы эки кишинин өлүмүнө себепкер болгон деп шек саналууда.

Босниянын бир катар шаарларында, анын ичинен баш калаа Сараеводо өткөн акциянын катышуучулары аялдарга каршы зомбулукту токтотуу боюнча мыйзамдарды катаалдатууну, кыз-келиндердин укугун коргоону талап кылышты.

Алар «Биз коркуп жашагыбыз келбейт!», «Фемицидди токтоткула!» деген ураандарды чакырып жатышты.

Буга чейин Болгарияда 18 жаштагы кыздын зордук-зомбулукка кабылышы жана андан кийинки элдик толкундоолордон улам үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо мыйзамына өзгөртүү киргизилген.

XS
SM
MD
LG