Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Ленин шайлоо округу боюнча арыздарды кабыл алуу аяктады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, 11-августта Бишкектин Ленин округу боюнча кайра шайлоого катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу аяктады.

Маалыматка караганда, 10-августта дагы төрт жарандан арыз түшүп, талапкер болууну каалагандардын саны 34кө жетти.

БШК учурда алардын алтоону – Аскар Алмаз уулун, Токтогул Какчекеевди, Эртай Искаковду, Турсунбай Бакир уулун, Сулайман Мамаевди, Жамалбек Ырсалиевди талапкер катары каттады.

Ал эми ушул округдан депутат болгон, мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган Жаныбек Абировдун кайра шайлоого катышуу арызы 2-августта четке кагылган.

Мекеме эми арыз жазгандар же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү 13-август саат 18:00гө чейин талап кылынган документтерди БШКга бериши керектигин эскертти.

БШК Ленин округунда кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген. Бул кайра шайлоо болуп жаткандыктан, талапкерлерди көрсөтүү, каттоо жана үгүт өнөктүгүнүн мөөнөтү кыскарганын айткан.

Боршайком 28-майдагы шайлоонун жыйынтыгын 16-июнда жараксыз деп тапкан. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо 35,86% добуш менен биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болуп келген Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон.

Эки талапкерге тең “шайлоочулардын добушун сатып алган” деген доомат айтылган.

Эгерде добушканага келгендердин 30% көбүнүн добушу жокко чыгарылса, анда шайлоо өткөн жок деп табылып, бир ай ичинде жаңы шайлоо дайындалат.

XS
SM
MD
LG