Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:57

Испания менен Португалияда токойлорду өрт каптады


Португалиянын баш калаасы Лиссабондон анча алыс эмес жайгашкан Алькабидече аймагындагы токойлорду каптаган өрт. 25-июль, 2023-жыл.
Португалиянын баш калаасы Лиссабондон анча алыс эмес жайгашкан Алькабидече аймагындагы токойлорду каптаган өрт. 25-июль, 2023-жыл.

Португалиянын түштүк-батышында өрт 7000 гектар токойду күлгө айлантты. Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу башкармалыгынын маалыматына караганда, өлкөнүн түштүк-батышындагы Одемира аймагында токойлорду каптаган тилсиз жоо менен күрөшкө миңдей өрт өчүрүүчү тартылды. Бир жарым миңдей жергиликтүү тургун коопсуз жакка чыгарылды.

Португалия менен чек арага жакын жайгашкан Испаниянын Валенсия-де-Алькантара аймагында тилсиз жоо 300 гектар токойду жок кылды.

Испаниянын метерологиялык агенттигинин маалыматына караганда, ысык табы жакынкы аралыкта кайтпайт. Айрым аймактарда апта аягына чейин 44 градуска чейин жетиши ыктымал.

Буга чейин Грекиянын токойлорун каптаган өрт төрт кишинин өмүрүн алган. Ушул тапта Италиянын Сардиния аралында дагы тилсиз жоо токойлорду жок кылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG