Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:32

Орус туткунунан 22 украиналык аскер бошотулду


Туткундан бошотулган украин аскерлери мекенине кайтып баратышат. Украин президентинин администрация башчысы Андрей Ермак жарыялаган сүрөт. 7-август, 2023-жыл.
Туткундан бошотулган украин аскерлери мекенине кайтып баратышат. Украин президентинин администрация башчысы Андрей Ермак жарыялаган сүрөт. 7-август, 2023-жыл.

Украинага орус туткунунан 22 аскер кайтарылды. Бул тууралуу Украинанын президентинин администрация башчысы Андрей Ермак 7-августта билдирди. Анын айтымына бошотулгандардын арасында эки офицер, катардагы жоокерлер жана сержанттар бар. Алар ар кайсы багыттагы салгылашта орус армиясына колго түшкөндөр. Арасында жаракат алгандары да бар.

«Бошотулгандардын баары психологиялык жана физиологиялык реабилитациядан, реинтеграциядан өтүшөт. Тийиштүү адистер дарылашат»-деп жазды Ермак.

Орусиянын Коргоо министрлиги туткундарды айырбаштоо жараяны болгону тууралуу эч кандай билдирүү жасай элек.

Буга чейин 6-июлда Орусия менен Украина «45ке 45» форматында туткундары айырбаштаган. Анда аскерлерден тышкары орус тарап Киевге оккупацияланган украин аймактарынан Орусияга депортацияланган эки баланы жана эки карапайым тургунду өткөрүп берген.

XS
SM
MD
LG