Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:34

Словения суу ташкынга байланыштуу Евробиримдик менен НАТОдон жардам сурады


Словениядагы суу алдында калган Снеберье айылы. 4-август, 2023-жыл.
Словениядагы суу алдында калган Снеберье айылы. 4-август, 2023-жыл.

Словениянын бийлиги 6-августта Евробиримдикке жана НАТОго кайрылып, суу ташкындын кесепетин жоюга жардам сурады. 4-августта тынбай жааган нөшөрдөн улам өлкө аймактарын суу каптап, төрт кишинин өмүрү кыйылды, 500 миллион евродон ашуун материалдык чыгым келтирилди. Бир нече адам дайынсыз.

Жолдорду, көпүрөлөрдү жана имараттарды суу алып кетти. Словениянын өкмөт башчысы Роберт Голоб мындай масштабдагы табигый кырсык "өлкө көз карандысыздыкка жеткен 1991-жылдан бери болбогонун" билдирди.

Миңдеген адам коопсуз аймактарга көчүрүлдү. Өлкөнүн төрттөн үч бөлүгү электр жарыгы жок калды.

Евробиримдик Словенияга кандай колдоо керек болсо көрсөтөрүн Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляен X (мурдагы Твитттер) социалдык түйүнүнө жазды.

Суу ташкын Европадагы болуп көрбөгөндөй ысык аба ырайынан кийин башталды. Май айында Италияда суу ташкын 17 кишинин өмүрүн алып, 30 миңдей тургун үй-жайсыз калган.

Климатолог окумуштуулар табигый кырсыктардын көбөйүшүн климаттын өзгөрүүсүнө байланыштырып жатышат.

XS
SM
MD
LG