Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:29

Польша аскердик тик учактарын Беларус жактагы чек арасына тартты


Польшанын аскердик тик учактары. Иллюстрациялык сүрөт.
Польшанын аскердик тик учактары. Иллюстрациялык сүрөт.

Польша армиясынын эки бригадасынын аскердик тик учактарын Беларус тараптагы чек арасына жеткирди. Бул тууралуу TVP Info медиасы өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачылыгына шилтеме жасап жазды.

Тик учактар коргоо министри Мариуш Блащактын чукул буйругу болсо, ыкчам реакция жасоо үчүн эки позицияны ээледи.

Башкы командачылык кандай гана жагдай болбосун даяр экенин, зарыл болсо ок атарын эскертти.

1-августта Польшанын бийлиги өлкөнүн чек арасын коңшу Беларустун тик учактары бузганын жарыялаган. Мындай билдирүү менен поляк Коргоо министрлиги чыгып, инцидент тууралуу НАТОнун жетекчилигине кабар берген.

Инцидентти териштирүү үчүн Беларустун Варшавадагы убактылуу өкүлү Польшанын Тышкы иштер министрлигине чакырылган.

Варшава соңку мезгилде Беларус менен Орусия “Польшага каршы гибриддик согушту күчөткөнүн” билдирип келет.

Беларустун Коргоо министрлиги бул билдирүүнү “ойлоп табылган факты” деп атап, Ми-24 жана Ми-8 чек арага чейинки аймакта гана машыгуу өткөргөнүн билдирди. Мекеме муну Польша тарап Беларус менен чек арасына аскерлерин жыйноого шылтоо катары пайдалануу үчүн жарыялаганын кабарлады.

29-июлда Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий Беларуста жүргөн “Вагнер” жеке менчик аскердик компаниясынын жүздөй жалданмачысы Польша менен Литванын чек араларына жакын жерге жеткирилгенин жарыялаган. Беларустун башында турган Александр Лукашенко муну төгүндөгөн. “Вагнерчилер” Орусияда козголоң чыгаргандан кийин Беларуска чыгып кеткен. (ErN)

XS
SM
MD
LG