Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:34

ЮСАИД башчысы Лачын коридорун ачууга чакырды


Кошмо Штаттардын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (ЮСАИД) башчысы Саманта Пауэр. Молдова. 6- апрель, 2022-жыл.
Кошмо Штаттардын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (ЮСАИД) башчысы Саманта Пауэр. Молдова. 6- апрель, 2022-жыл.

Кошмо Штаттардын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (ЮСАИД) башчысы Саманта Пауэр Армения менен жикчил Тоолуу Карабакты байланыштырган жалгыз өткөөл -Лачын коридорун ачыууга чакырды. Бул жолду Азербайжан тарап жети ай мурда жаап салган.

Тоолуу Карабакка багыт алган 19 жүк ташуучу машинеден турган автокербен 26-июлдан бери Лачын коридорундагы өткөрмө бекетте турат. Аларды азери аскерлери жикчил аймакка өткөрүүдөн баш тартууда. Еревандын айтымында, машинелерге гуманитардык жардам жүктөлгөн.

"Тоолуу Карабакта азык-түлүк коопсуздугунун жоктугу жана дары-дармектердин жетишсиздиги тынчсызданууну жаратууда. Лачын коридору Тоолуу Карабактын тургундарына эң керектүү азыктарды жеткирүүдө чоң мааниге ээ",-деп жазды Пауэр Твиттерге.

Өткөн аптада АКШНын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, "Тоолуу Карабактагы гуманитардык шарттардын начаралашына байланыштуу терең тынчсыздануусун билдиргенин" айткан.

Азербайжандын тышкы иштер министрлиги автокербенди "чагым жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө шек келтирүү аракети" деп айыптады. Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин жардамчысы Ереван алардын өлкөсүнө болгон "аймактык дооматтан баш тартуусу зарыл" экенин билдирген.

Лачын коридору - Армения менен Тоолуу Карабакты байланыштырган алты чакырымга созулган өткөөл. 1992-жылдан 2020-жылга чейин Тоолуу Карабактын жикчил бийлиги көзөмөлдөп келген. 2020-жылдын ноябрь айында бул жерге Орусиянын тынчтык орнотуу күчтөрү жайгашкан.

Эл аралык мыйзамдарда Тоолуу Карабак Азербайжандын аймагы болуп эсептелет. Ал жакта 100 миңдей жергиликтүү армяндар отурукташкан.

XS
SM
MD
LG