Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:07

Аба ырайы: айрым аймактарда өткүн өтөт


Ала-Арча капчыгайы.
Ала-Арча капчыгайы.

1-августка караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 34…39

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 34…39

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 27…32 градус ысыйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22°, күндүз 37…39° ысыйт.

Чолпон-Ата шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 29…31° ысык болот.

XS
SM
MD
LG