Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:12

Бээжин министрдин "жоголушунан" кабарсыз экенин билдирди


Кытайдын тышкы иштер министри Цинь Ган Шанхайдагы форумдун ачылышында сүйлөп жатат. 21-апрель, 2023-жыл.
Кытайдын тышкы иштер министри Цинь Ган Шанхайдагы форумдун ачылышында сүйлөп жатат. 21-апрель, 2023-жыл.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги мекеме жетекчиси Цинь Гандын үч жумадан бери коом алдына чыкпай жатканы тууралуу "аларда эч кандай маалымат жок экенин" 20-июлда билдирди. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Дипломатиялык мекеме Цинь 11-12-июлда Жакартада өтө турган АСЕАН уюмунун министрлер жыйынына саламаттыгына байланыштуу бара албай турганын билдирген.

Ал эми Йоханнесбургда 24-25-июль күндөрү өтө турган БРИКС уюмунун саммитине Коммунисттик партиянын эл аралык алакалар бөлүмүнүн башчысы Ван И бара тургандыгы 19-июлда маалым болду.

Цинь Ганды акыркы жолу 25-июнда Бээжинде орусиялык, шриланкалык жана вьетнамдык расмий адамдар менен жолугушууда көрүшкөн. Анын коомго чыкпай жатышы Кытайда түрдүү түкшүмөл пикирлердин жаралышына түрткү берди.

57 жаштагы Цинь Кытайдагы "жылдызы жанып келаткан" саясатчылардын бири. Кытайдын лидери Си Цзинпиндин жардамчысы болгон. Кийин Кытайдын АКШдагы элчилигин жетектеп, эки жылдай иштеген. Былтыр декабрда тышкы иштер министри болуп дайындалган.

XS
SM
MD
LG