Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:40

Жидда саммити: Борбор Азия менен Араб өлкөлөрүн эмне жакындатууда?


Сауд Арабиянын Жидда шаарында өткөн “Булуңдагы араб өлкөлөрдүн кызматташтык кеңеши жана Борбор Азия” форматындагы биринчи саммит. 19-июль, 2023-жыл.
Сауд Арабиянын Жидда шаарында өткөн “Булуңдагы араб өлкөлөрдүн кызматташтык кеңеши жана Борбор Азия” форматындагы биринчи саммит. 19-июль, 2023-жыл.

19-июлда Сауд Арабиянын Жидда шаарында “Булуңдагы араб өлкөлөрдүн кызматташтык кеңеши жана Борбор Азия” форматындагы биринчи саммити өттү. Ага жалпысынан 11 өлкөнүн жетекчилери – Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн уюмуна мүчө болгон Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмирликтери, Катар, Кувейт, Оман жана Бахрейндин, ошондой эле Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн башчылары катышты.

Саммитти демилгелеген Сауд Арабия аймактар аралык экономикалык кызматташтык, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, коопсуздук жаатында карым-катышты чыңдоо жана гуманитардык байланышты өнүктүрүүнү көздөп жатат.

18-июлда Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын президенттери “Булуңдагы араб өлкөлөрүнүн кеңеши жана Борбор Азия” форматындагы саммитке катышуу үчүн Жидда шаарына учуп барышты. Эл аралык жыйын 19-июлда өттү.

Саммит Сауд Арабиянын мураскер ханзадасы, премьер-министри Мухаммед бин Салман Аль-Сауддун төрагалыгы менен өттү. Ханзада энергетикалык коопсуздукка жана глобалдык азык-түлүк чынжырчасына таасир кылган көйгөйлөрдү чечүүдө жамааттык иш-аракеттерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Кыргызстандын позициясы кандай болду?

"Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңеши" менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн саммити. Жидда шаары, Сауд Арабия. 19-июль, 2023-жыл.
"Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңеши" менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн саммити. Жидда шаары, Сауд Арабия. 19-июль, 2023-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өз сөзүндө Ооганстан, Палестина, Йемен, Сирия, Судан, Украина көйгөйлөрүнө токтолду. Ал Кыргызстан “ар кандай чыр-чатактар жалпы таанылган эл аралык укук принциптеринин жана нормаларынын негизинде саясий жана дипломатиялык нукта сүйлөшүүлөр аркылуу гана чечилиши керек деген пикирди жактай турганын” баса белгиледи.

Кыргыз президенти андан ары саммиттин күн тартибинин өзөгүн түзгөн экономикалык жана инвестициялык кызматташтык маселелери боюнча өзүнүн сунуштарын айтты.

“Борбордук Азия ошондой эле Европа менен Азиянын кесилишинде турган кубаттуу соода, транзиттик, логистикалык жана транспорттук потенциалга ээ. Ушуга байланыштуу биздин өкмөттөргө аймактар аралык кызматташтыкты жана энергетика, инфратүзүм, айыл чарба, транспорт, саламаттыкты сактоо, туризм, санариптештирүү жана инновациялар сыяктуу маанилүү тармактарда тажрыйба алмашууну жигердүү өнүктүрүүнү тапшырууну сунуштайм. Булуңдагы өлкөлөрдөгү өнөктөштөрүбүздү региондор аралык соода-экономикалык кызматташтыгыбызды бекемдей турган "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу боюнча мегадолбоорду биргелешип ишке ашырууга катышууга чакырам. Транспорттук-логистикалык байланыштарды, анын ичинде темир жол жана аба каттамдарын кеңейтүү биздин аймактардын ортосунда товарлардын, капиталдын жана адамдардын кыймылын жеңилдетет”, - деди Садыр Жапаров.

Жапаров өз сөзүндө 2024-жылдын жай айларында Ысык-Көлдө “Борбор Азия – Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши” форматындагы биринчи инвестициялык форумду өткөрүүнү сунуштады.

Кыргыз делегациясы аймактар ичинде визасыз зонаны түзүүнү, туруктуу авиакаттамдарды уюштурууну, биргелешкен туристтик маршруттарды иштеп чыгууну, банктар аралык кызматташтыкты чыңдоону, соода жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнү да демилгеледи.

Расмий маалымдалгандай, президент Садыр Жапаров баштаган кыргыз делегациясынын курамында экономика министри Данияр Амангелдиев, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров жана президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев бар.

Омандын делегациясын премьер-министринин эл аралык мамилелер жана кызматташтык боюнча орун басары Сайид Асаад бен Тарик Аль Саид баштап келди. Ал жыйында Омандын Султаны Хейсам бен Тарик Аль Саиддин атынан сүйлөп, Палестина маселесин көтөрдү.

“Палестин эли өзүн-өзү аныктоо жана борбор калаасы Чыгыш Иерусалимде жайгашкан эгемен мамлекет куруу укугун алышы зарыл. Бул эл аралык резолюцияларда жана Араб тынчтык демилгесинде каралган”, - деди Омандын өкүлү.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Борбор Азия мамлекеттери Перс булуңундагы өлкөлөр менен кызматташтыкты кеңейтүү үчүн визасыз режимди жайылтып жатканын белгиледи. Мирзиёев дүйнөдөгү исламофобияга, экстремизмге жана расизмге каршы туруу үчүн реалдуу кадамдарды жасоо зарылдыгына токтолду.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча мамлекет башчылары жана делегациялар биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Булуң менен Борбор Азия өлкөлөрүн эмне жакындаштырат?

Сауд Арабиянын Инвестиция министри Халид бен Абдель Азиз Аль-Фалих араб басылмаларынын бирине курган маегинде саммиттин алкагында өлкөлөр жана аймактар ортосундагы экономикалык жана инвестициялык алака кеңейет деген оптимисттик маанайда экенин билдирген эле. Министр эки аймак тең дүйнөлүк соода тутумунун маанилүү бөлүктөрү экенин жана 14 кылымдан берки диний жалпылык алакаларды ажырагыс кылып бекемдеп турганын белгилеген.

Жогорку Кеңештин депутаты, кыргыз-араб достук тобунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков Борбор Азия менен Араб дүйнөсү бири-бирин толуктай турган потенциалга ээ экенин белгилейт.

“Араб дүйнөсү менен Борбор Азия мамлекеттеринин жетекчилери бетме-бет келип, ар тараптуу алака маселесин талкуулаган платформа азырынча жок болчу. Бул чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Эки аймак бири-бирине абдан муктаж деп эсептейм. Башкасын айтпаганда деле, араб өлкөлөрүнөн бизге абдан көп туристтер келип атат. Аларда биздегидей жаратылыш жок, бизде алардагыдай мунай жок. Ошон үчүн потенциалдарды толук колдонсок, эки тарапка тең абдан пайдалуу болот деп терең ишенем. Бир дагы өлкө өзүн бир эле тарап же географиянын бир бөлүгү менен байлап алганда болбойт. Анткени ар түрдүү себептер, күтүүсүз кырдаалдар болуп калышы мүмкүн. Мына бүгүнкү күндө Казакстандан кыйгап өтүп, Европага жол табыш керек деген аракеттер болуп жатат. Бул туура эле нерсе. Менимче, бул деле келечектин маселеси. Албетте, түштүк багытындагы коңшуларыбызда (Ооганстан ж.б. мамлекеттерде) туруктуулук маселеси бар. Бирок бул деле убагы келгенде чечилет”.

Июнь айынын башында Катар өлкөсүнүн Эмири шейх Тамим бин Хамад Аль-Тани Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келип кеткен. Эмирдин сапары араб өлкөлөрүнүн ичинен Бишкекке алгачкы жолу келген жогорку деңгээлдеги сапар катары бааланган.

Кыргыз-араб туризм биримдигинин төрагасы Кубанычбек Баялиев араб дүйнөсү Кыргызстандын туризм потенциалы менен айыл-чарба азыктарына өзгөчө кызыгарын айтат.

“Быйылкы статистика боюнча араб өлкөлөрүнөн 40-45 миңге жакын турист келди. Азыр туризм тармагы өтө ургаалдуу өнүгүп жатат. Туристтердин басымдуу бөлүгү Сауд Арабиядан келет. Ошондуктан биз ошол жактан туристтер келип, бул жакты көрүп, толук маалымат алгандан кийин дагы башка тармактарга инвестиция кылат деген ишенимибиз чоң. Анткени биз туризмде иштеп жүрүп көрөбүз, туристтер жөн гана турист болуп келбестен, биздин табиятты, сууну, этти же жаңгакты жактырып калышы да мүмкүн. Бизде бал дагы - эң көп суралган товар. Алар кызыккан тармактар ушулар. Ал өлкөлөрдө бир гана мунай тармагы эмес, Араб Эмирликтеринде, Эр-Риядда жана Меккеде дагы туризм жааты да абдан жакшы жолго коюлган. Дүйнөлүк стандартка жооп берген мейманканалары бар. Бардык шарттары, тейлөө тармагы жакшы, миллиондогон адамдарды тейлеп туризм тармагынан тажрыйбасы мыкты. Экономика, илим багытында дагы көп нерсени үйрөнсөк болот. Эң негизгиси, мамлекет ишеним жана туруктуулукту камсыздашы керек”.

Борбор Азиянын геосаясий баркы өсүүдө

Иш-чара Борбор Азия өлкөлөрүнө аймактык жана эл аралык кызыгуу өзгөчө артып турган маалда өтүп жатат. Өнөктөштөрдүн назарын беш өлкөнүн стратегиялык жайгашуусу жана бай табигый ресурстары буруп келет.

Борбор Азия аймагынын беш өлкөсү формалдуу блок болбосо да, эл аралык чөйрөдө С5 деген аталыш менен таанылган. Соңку кездери С5 өлкөлөрүнүн геосаясаттагы мааниси артып, кызматташуу боюнча биргелешкен саммиттерди өткөрүүгө Европа, АКШ, Орусия жана Кытай кызыкдар болуп келет.

2-июнда Чолпон-Ата шаарында Евробиримдик менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн II саммити өттү. Биринчиси 2022-жылдын 27-октябрында Астанада өткөн. Ага чейин 19-майда аймактын өлкө башчылары Сиань шаарында Кытай-Борбор Азия форматындагы биринчи саммитке катышкан.

Ал эми 2022-жылы май айында Астанада Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШнын, андан көп узабай Орусия менен 5+1 форматындагы саммити өткөн.

Булуңдагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешине Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирликтери, Катар, Кувейт, Оман жана Бахрейн мүчө. Алар Жакынкы Чыгышта жана жалпы ислам дүйнөсүндө экономикасы ыкчам өнүгүп бараткан өлкөлөр болуп саналат. Соңку кездери дүйнөдөгү финансылык жана технологиялык чордонго айланууга аракет кылып келет.

Уюмдун Башкы катчысы 2021-жылдын 12-октябрында Астана шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен жолугушуу өткөрүп, Перс булуңу менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда стратегиялык диалог жүргүзүү ынтызарлыгы билдирген.

2022-жылдын 7-сентябрында Перс булуңу менен Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери Эр-Рияд шаарында расмий жыйын куруп, аймактар ортосунда стратегиялык диалогдун уюштуруу иштерин талкуулашкан. Анда министрлер пандемиядан улам үзгүлтүккө учураган логистикалык чынжырчаларды калыбына келтирүү, азык-түлүк, энергетикалык жана суу коопсуздугун чыңдоо, жашыл энергетиканы өнүктүрүү, экологиялык көйгөйлөрдү чечүү, алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу, ошондой эле өз ара соода жана инвестициялык механизмдерди түзүү жаатында кызматташууну күчөтүүнү макулдашкан. Аймактардын өлкөлөрүнүн ортосунда 2023-2027-жылдарга карата стратегиялык диалог жана кызматташтык боюнча биргелешкен иш планы да иштелип чыккан.

“Булуңдагы араб өлкөлөрүнүн кеңеши менен Борбор Азия мамлекеттеринин стратегиялык диалогу – өз ара кызыкчылыктарды камтыган бардык тармактагы кызматташуу жөнүндө келишимдин башаты”, - деп жазылган министрлердин биргелешкен билдирүүсүндө.

“Кызыкчылыктар каражатка негизделген”

Сауд Арабиянын инвестиция министри Халид бен Абдель Азиз Аль-Фалих Борбор Азияда туризм, кайра жаралуучу энергия булактары, гидроэнергетика, айыл чарба жана медицина өңдүү маанилүү тармактарында колдонула элек инвестициялык мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилейт.

Министр Сауд Арабия Борбор Азиянын айрым аймактарына олуттуу инвестиция салганын айтып, мисал катары ACWA Power компаниясын келтирген. Компания учурда Өзбекстан менен Казакстанда күн жана шамалдан энергия өндүрүү долбоорлорун ишке ашырып келет. Ал Өзбекстандын саламаттык сактоо тармагына саудиялык доктор Сулейман аль-Хабибдин (HMG) медициналык тобунун, айыл чарба тармагына Al-Rajhi эл аралык инвестициялык тобунун жана Казакстандын туристтик тармагына Fawaz Alhokair Group компаниясынын инвестиция салуу келишимдерин да эске салды.

Кыргызстанда болсо ипотекалык турак жай долбоорун каржылоого 100 млн доллар насыя берүүгө макул болгон. Сентябрдан баштап Жидда шаарынан Бишкек жана Ош багыттарына авиакаттамдар ачылат.

Эксперттер Перс булуңунун өлкөлөрү соңку мезгилдерде Борбор Азия аймагына жигердүү инвестиция салып жаткандыктан, бул саммитти өнөктөштүк алаканы чыңдоо жана араб өлкөлөрүнүн аймактагы ордун күчөтүү үчүн бирдиктүү механизмин түзүү милдетин аткарат деп эсептешет.

Борбор Азия боюнча эксперт Эдвард Лемон саммиттин жүрүшүнө жана аймактар аралык алаканын абалына байкоо салып турат. Ал өзүнүн Твиттердеги баракчасында Борбор Азия менен Перс булуңунун лидерлерин инвестициялык кызыкчылык бириктирип жатканын жазды.

“Алакалар баарынан мурда инвестицияга негизделген. Перс булуңу менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн карым-катышы алардын альтернативдүү инвестицияга болгон керектөөсүнө карай бекемделип келет. Катар Тажикстандагы “Диар Дүйшөмбү” турак жай комплексине 55 млн доллар инвестициялаган жана өлкөдөгү эң ири мечиттин курулушуна 100 млн доллар сарптаган. Бириккен Араб Эмирликтери Казакстанга 2,6 млрд доллар инвестиция салган. Анын ичинде Астанадагы Abu Dhabi Plaza комплекси бар жана былтыр дагы 900 млн доллардык инвестицияга кол коюшту. Мирзиёевдин Сауд Арабияга жасаган былтыркы сапарында 12 млрд долларлык инвестициялык келишимдер түзүлгөн. Кыскача айтканда, биз саммиттен жаңы инвестициялык келишимдерди күтсөк болот. Анткени Борбор Азиянын лидерлери өз кызыкчылыгы үчүн да, өлкө экономикасына дем берүү үчүн да инвестицияларды издеп жатат”.

Улуттук статистика комитетинин маалыматтарын карасак, Кыргызстандын ал өлкөлөр менен экономикалык алакасы анчейин өнүкпөй келет. Бишкектин алты мамлекет менен 2023-жылдын беш айындагы соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмү 81 млн доллардан бир аз ашат. Анын 96 %ы Бириккен Араб Эмирликтери менен жүргүзүлгөн. Беш айлык статистика Сауд Арабиясы жана Оман менен соода алакасы солгундап баратканын көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG