Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:33

Лондон аннексияланган Крымдагы "Артек" балдар борборуна санкция салды


Улуу Британия орусиялык жеке адамдарга жана компанияларга каршы санкциялардын жаңы тизмесин жарыялады. Ага орус саясатынын үгүтчүсү катары сыпатталган Антон Красовский менен Тимофей Сергейцев, маданият министри Ольга Любимова жана билим берүү министри Сергей Кравцов кирди. Андан тышкары Украинанын Орусия оккупациялап алган аймактарында иштеген бир катар жетекчилер да бар.

Санкциялык тизмеге мыйзамсыз аннексияланган Крымдагы "Артек" балдар борбору да кошулду. Лондон бул жайды украиналык балдарды мажбурлап депортациялоого жана "орусташтырууга" тиешеси бар деп эсептейт.

Үгүтчү Антон Красовский 2022-жылдын октябрында RT каналында сүйлөгөндө "Орусия Украинана оккупациялап жатат" деп эсептеген балдарды өрттөп, сууга чөктүрүү керектигин айткан. Андан кийин журналист жумушунан убактылуу четтетилип, 2023-жылдын башында "Консерватор" жаңы медиасын ишке киргизген. Украинада ал сыртынан 5 жылга эркинен ажыратылган.

Тимофей Сергейцев РИА Новости сайтына Москва Украинаны жоюп салууга чакырган макала жазган.

Санкциялардын тизмесин Улуу Британиянын Каржы министрлиги түзөт.
Бүгүнкү күндө орусиялык 1613 адам, 229 компания Лондондун кара тизмесинде. Аларга өлкөгө кирүүгө, ишмердик жүргүзүүгө тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG