Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров өзү шайланып келген округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган соттун чечимине каршы даттанганы жатат.
7-июнда Бишкектин Административдик соту Ноокаттын бир мандаттуу Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Бакировдун мандатына байланышкан окуялар бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы - парламенттин көз карандысыздыгы жөнүндө маселени көтөрдү.
Сот чечими жана Бакировдун пикири
Парламент депутаты Өмүрбек Бакиров өзү шайланып келген округдун шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарган сот чечими боюнча пикирин билдирип, “акылга сыйбаган, мыйзамсыз чечим” деп атады. Бакиров бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасында жазды.
“Бул шаардык административдик соттун чечими менен макул эмесмин, мындан ары жогорку инстанцияга кайрылабыз. Мен ишенем, адилеттүүлүк жеңет деп, мыйзамдуулук орнойт деп үмүт кылам. Бүгүнкү күндө мен өзүмдүн депутаттык милдетимди аткарып жатам, эл ишеним менен берген депутаттык мандатты эч кимдин тартып алып коюуга укугу жок”, - деди.
7-июнда Бишкектин Административдик соту Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Соттун чечимине ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын ушул округда шайлоо өткөнү тууралуу жана Өмүрбек Бакировду Жогорку Кеңештин депутаты деп тааныган чечимдери дагы жокко чыгарылган.
2021-жылы Жогорку Кеңешке өткөн аралаш системадагы шайлоодо Өмүрбек Бакиров аталган округдан парламентке депутат болуп келген. Жарышта жалпы жети талапкер, анын ичинде экс-депутат Равшанбек Рысбаев да болгон.
Рысбаев шайлоо өткөндөн бир жылдан соң 2022-жылдын декабрында сотко кайрылып, Өмүрбек Бакиров саясий жарышта добуш сатып алганын айтып, анын мандатын жокко чыгарууну талап кылган. Бишкек шаардык административдик соту бул округдагы шайлоо боюнча арызды кабыл алганы февраль айында белгилүү болгон. Бакиров добуш сатып алуу боюнча дооматтарды четке кагып келет.
Бакировдун мандаты алынабы?
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов Көк-Жар шайлоо округу боюнча соттун чечимдери жөнүндө маалымат түшө электигин билдирди. Бекматов бардык инстанциянын жыйынтыктарынан кийин Боршайком чечим кабыл аларын “Азаттыкка” кабарлады.
“Азыр кандай болоруна көзү ачыктык кылбай туралы. Соттун чечимдерин күтүшүбүз керек. Кайра шайлоо болот же болбойт деп айтуу мүмкүн эмес. Соттун чечиминен кийин айтабыз”, - деди Бекматов.
Юрист Таттыбүбү Эргешбаева шайлоо өткөн бир жарым жылдан кийин Бакировду депутаттык мандатынан ажыратууну саясий иш деп баалайт. Эргешбаеванын пикиринде, мындай көрүнүш ириде парламенттин көз карандысыздыгына доо кетирүүдө.
“Бул бир гана Өмүрбек Бакировго тиешелүү эмес. Жогорку Кеңеште бир мандаттуу окргудан 36 депутат бар. Аларга дагы ушундай механизм менен бир жарым, эки жылдан кийин иш козгой берет. Бул өтө кооптуу, парламенттин стабилдүүлүгүнө шек келтирген механизм. Негизи жаңы Конституция кабыл алынып жатканда, парламент өзү колдоп берген. Эми анын жыйынтыгын көрүп жатышат”, - деди Эргешбаева.
Парламенттин көз карандысыздыгы
Соңку учурда Жогорку Кеңештин ролу, депутаттын кол тийбестиги жөнүндө ар кандай пикирлер бар. Жетинчи чакырылыштагы парламент дагы айрым мыйзамдарды же кандайдыр бир маанилүү чечим кабыл алууда бийликтен көз каранды деген сындан арылган жок.
Жарандык активист Шайырбек Маматокторов Бакировдун айланасындагы окуялардын кандай чечилиши парламенттин өзүнөн көз каранды экенин белгиледи.
“Бул эле чакырылышты айтсак болбой калат. Мурдагы 2-3-чакырылыш деле ушундай тартипте иштеди. Ага жараша парламент өз укуктарын толук колдоно албады. Ошондуктан башка бийлик бутактарына жем болду. Аны өздөрү деле моюнга алышат. Бакировду азыр оппозициялык маанайдагы депутат деп кабыл алсак болот. Бирок, мурдагы режимде ал бийликти колдоп жүргөн”, - деди Маматокторов.
7-чакырылыштагы парламент депутатарынын бийликке сын айткандардын бири Орозайым Нарматова дипломуна байланыштуу мандатынан ажыратылган. Ошол эле маалда Жогорку Кеңештин эки депутаты Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун диплом маселеси дээрлик бир жылдан бери такталбай турат. Былтыр апрель айында атайын кызмат бул эки депутат жасалма диплом боюнча шектүү экенин билдирген.
Депутаттыктан кеткендердин дагы бири Жаныбек Абиров кафеде мушташкан окуядан кийин өз калоосу менен мандатын тапшырган.
Жакында эле Башкы прокуратура Жогорку Кеңештеги оппозициячыл "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын жетекчиси Адахан Мадумаровго кылмыш ишин козгоп, жоопко тартууну суранды. Учурда ал боюнча депутаттык комиссия иштеп жатат.
Бакировдун мандат чырына чейинки окуялар
Бакировдун саясий карьерасын ал УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен парламентте кайым айтышкандан кийин кара булут каптады.
2022-жылдын 17-ноябрында парламенттин жалпы отурумунда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан учурда Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бакиров кайым айтыша кеткен. Ал чек ара келишимине каршы добуш берген.
Көп өтпөй депутат Жогорку Кеңештин жетинчи кабатындагы кеңсесинен чыгарылып, ал боюнча чыр бир топко уланган. Депутаттын кеңсе чырын Башкы прокуратура иликтеп баштаган. Азырынча анын жыйынтыгы белгисиз.
Андан кийин атайын кызмат Өмүрбек Бакиров кримтөбөл Камчы Асанбек (Көлбаев) менен жолукканын билдирип, мындай көрүнүштү эл өкүлү менен криминалдын шериктештиги катары баалаган. Бакиров кримтөбөл менен жолукканын четке кагып, бул окуяларды саясий басым катары баалап жүрөт.
Өмүрбек Бакиров 44 жашта, 2011-жылы Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышына "Ата Журт" партиясынан депутат болуп шайланган. 2018-жылы "Кыргызтелекомдун" башкаруу кеңешинин төрагасына кеңешчи болуп дайындалган. 2018-жылы декабрь айында Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына КСДП партиясынан депутат болуп барган. 2021-жылы Ош облусундагы Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. "Элдик" депутаттар тобуна кирет.