Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

"Сууну булгайт". Чаткалда эл кен казган компанияга каршы чыкты


Чаткалда алтын казган компанияга нааразы болгондор
Чаткалда алтын казган компанияга нааразы болгондор

Жалал-Абаддын Чаткал районундагы төрт айылдын тургундары “Аташ-Чапкан” компаниясынын кен казышына каршы.

Алар бүгүн Каныш-Кыядагы акимчилик алдына чогулуп, район акими Алтынбек Сеңирбаевдин кызматтан кетишин талап кылышты. Жергиликтүү бийлик элдин нааразылыгынан улам иш убактылуу токтотулганын билдирди.

Кара-Булак, Айгыр-Жал, Бел-Капчыгай жана Каныш-Кыя айылдарынын тургундары “Аташ-Чапкан” компаниясы райондо кен каза баштаса, төрт айылдын айдоо жерине жана сууга зыяны тиерин айтып жатат.

Бүгүн, 14-июлда алар Каныш-Кыядагы акимчилик алдына чогулуп, Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаевдин кызматтан кетишин талап кылышты.

Жергиликтүү тургун Гүлпаша Миңбаева нааразы болгон себебин мындайча түшүндүрдү:

Чаткал районунун тургуну Гүлпаша Минбаева
Чаткал районунун тургуну Гүлпаша Минбаева

“Мына биз, чаткалдыктар мээ кайнаткан ысыкта талаада отурабыз. Түлөберди деген жайытыбызды казганы жатат. Аны алса, оозубуздагы нанды жулдургандай болобуз. Эл ошол жакка суу жээктеп жайлоого чыгат. Бизден кабар алган эч ким жок, мындай бийликтин эмне кереги бар? Алтын казгандарды киргизишпесин. Алар кирсе суу азайып, эл кыйналат. Бир айдан бери ушул жер маселеси менен убарабыз. Нааразы болуп жыйналабыз, кайра тарайбыз. Биздин үнүбүз бийликке жетпей жатат".

Ал эми Чаткалдын Айгыр-Жал айылынын тургуну Нурланбек Каратаев жергиликтүү бийликти алтын казганы келген компаниянын сөзүн сүйлөп жатат деп айыптады.

"Түлөберди сайы боюнча 4-майдан бери жыйындар өтүп келет. Акыркы чогулуш 12-июлда болду. Ага келгендер акимдин чечимине нааразы болушту. Жүздөй жаран "Түлөберди учаскасын бербейбиз" деп талап коюп жатабыз. Экинчи талап - акимди иштен кетирүү. Анткени аким “Аташ-Чапкан” компаниясын колдоп жатат".

Аким нааразы болгон эл менен жолугушту
Аким нааразы болгон эл менен жолугушту

Район акими Алтынбек Сеңирбаев “Аташ-Чапкан” ишканасы Түлөберди участкасынан 10 гектар жерди чалгындоо жана иштетүү үчүн лицензия алганын, айыл тургундарынын нааразылыгынан улам иш убактылуу токтотулганын билдирди.

Учурда жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын айтты:

Алтынбек Сеңирбаев
Алтынбек Сеңирбаев

"Азыр Чаткалда эл тынчыды. 19-июндан баштап Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Түлөберди сайынан чалгындоо ишин жүргүзүүгө “Аташ-Чапкан” компаниясы лицензия алган. 10 гектарга жакын жер. Айылга жакын болгондуктан эл сугат суу маселеси чыгат деп чочулашууда. Буга чейин акимчиликте, ошол айыл өкмөттө сүйлөшүүлөр болгон. Акыркы күндөрү абал курчуп жатат. Жер казынасы боюнча мыйзамдын 7-беренесинин 3-пунктунда лицензиянын ээсин лицензиялык участокко тоскоолдуксуз киргизүү керектиги так жазылган. Ишкерлерге шарт түзүп берүү керектиги айтылып келет. Ошондуктан азыр эл менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат".

Алтынбек Сеңирбаевдин айтымында, “Аташ-Чапкан” компаниясы чалгындай турган Түлөберди участогунда болжол менен 19 килограммдай алтын бар.

Нааразы болгондор боз үй тигип, компаниянын техникаларын жолдон өткөрбөй жатат.
Нааразы болгондор боз үй тигип, компаниянын техникаларын жолдон өткөрбөй жатат.

“Азаттык” буга чейин Чаткалдагы алтын казган “Эти Бакыр Терексай” жана “Вертекс Голд Компаниге” байланыштуу чыр-чатак, сын-доомат жана нааразылыктын чоо-жайын иликтеген.

Аталган райондо чачыранды алтын казып жаткан компаниялардын дээрлик баары пайдасынан, кирешесинен жана сатуудан салык төлөбөй турганын көрсөткөн. Анда лицензиялар колдон колго өтүп, айрым учурда ээси ким экени белгисиз учурлар бар экени аныкталган.

Чаткалда токой, тал-терек кыйылып, дарыя-суулардын нугу бузулгандыктан жана айлана-чөйрөнү кайра калыбына келтирүү иши жүрбөгөндүктөн, чачыранды алтын казууга мораторий киргизүү талабы байма-бай көтөрүлүп келет.

XS
SM
MD
LG