Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:51

"Алтынды өзүбүз бөлүп алабыз". Кыргыз өкмөтү жактырган монгол тажрыйбасы


Президент Садыр Жапаров Монголиянын “Эрдэнэт” тоо кендерин чыгаруучу заводунда. Аны Гелангин Ёндон коштоп баратат. 10-июль, 2023-жыл.
Президент Садыр Жапаров Монголиянын “Эрдэнэт” тоо кендерин чыгаруучу заводунда. Аны Гелангин Ёндон коштоп баратат. 10-июль, 2023-жыл.

Президент Садыр Жапаровдун Монголияга сапарынын алкагында кыргыз делегациясы “Эрдэнэт” тоо кен чыгаруучу заводдун иши менен таанышты. Бишкек аталган тармакта Улан-Батордун тажрыйбасын алууга кызыкдар.

Монголиянын тоо-кен тармагында, анын ичинде алтын өндүрүүдө Кыргызстандын жагдайына окшош мисалдар арбын. Маселен, эки тарап тең канадалык "Центерра Голд" компаниясынан терс жыйынтык алышкан.

Жез кенинин мисалы

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Монголияда 9-11-июлда болду. Ал Улан-Батордо монгол президенти Ухнаагийн Хурэлсух, премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюн-Эрдэнэ жана парламент спикери Гомбожавын Занданшатар баштаган расмийлер менен жолугушту.

Садыр Жапаров менен Ухнаагийн Хурэлсух. 9-июль, 2023-жыл.
Садыр Жапаров менен Ухнаагийн Хурэлсух. 9-июль, 2023-жыл.

Кыргызстандын лидери андан кийин Эрденэт шаарына барып, мындагы “Эрдэнэт” тоо кендерин казып чыгаруучу заводдун жаңы технологиялары менен таанышты.

Мамлекеттик ишкананын башкы директору Гелангин Ёндон Жапаровго кен чыккан карьер, концентрат чыгарган фабрика жана башка объектилерди көрсөттү.

Маалыматка ылайык, “Эрдэнэт” заводу Азиядагы жез жана молибден рудасын казып алуу жана байытуу боюнча эң ири ишкана. Ал жылына 40 миллион тоннага жакын руданы кайра иштетип, 580 миң тоннанын тегерегинде жез концентратын жана 6 миң тонна молибден концентратын өндүрөт.

“Биз ушул кендин дагы 60 жылга жете турган жаңы корун таап чыктык. Былтыр дагы жаңы алты лицензия алдык, анын алкагында ишибизди улантабыз. Эрденэт шаары ушул завод менен кармалып турат, өлкөнүн экономикасында орду чоң. Заводдун өндүрүшү Монголиянын ички дүң өнүмүнүн 16,3% жана бюджетинин 10,5% түзөт. Азыркы учурда бизде жалпысынан 7 миңдей кызматкер иштейт. Бардык өнүмүбүздү Кытайга экспорттойбуз. Кытай негизи дүйнөдөгү жездин жарымынан көбүн сатып алат, ошондуктан коңшулар биздин өндүрүштүн баарын сатып алат. Азыр биз концентратты иштетип, жез катары сатабыз. Бирок келечекте жезди иштетүүчү завод куруп, чийки зат катары сатууну эмес, өзүбүздө иштетүүнү көздөп жатабыз. Анткени анда кошумча иш оруну түзүлөт, товарды кымбат да сата алабыз”, – деди “Эрдэнэт” заводунун башкы директору Гелангин Ёндон кыргыз президенти менен сүйлөшкөн учурда.


Расмий маалымдалгандай, “Эрдэнэт” заводу 1973-жылы СССР менен Монголиянын өкмөттөрүнүн негизинде курулуп, биргелешкен ишкана катары иштей баштаган.

Ал бүгүнкү күнгө чейин дүйнөдөгү эң ири жез кендеринин бири. Ортодо компаниянын көпчүлүк үлүшү менчикке өтүп кеткен. Кийин Монголия өкмөтү чыгарган токтомго ылайык, заводго ээлик кылган “Эрдэнэт Индастри” толугу менен мамлекеттик менчикке өткөн.

Президент Садыр Жапаров карьерди жана жез-молибден концентратын чыгарган ишкананын фабрикасын көрүп чыккандан кийин Кыргызстандын өкмөт мүчөлөрүнө жезди алып чыгаруу боюнча алдыңкы технологияларды колдонуудагы тажрыйбасын алууну тапшырды. Ал Кыргызстан тоо-кен жана геологиялык багыттар боюнча адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, геология жана тоо-кен тармагынын ар кыл актуалдуу жана келечектүү багыттары боюнча биргелешкен илимий изилдөөлөр жана алмашуу жаатында кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Эмил Осмонбетов “Азаттыкка” курган маегинде буларга токтолду:

“Биз көргөн “Эрдэнэт” жез жана молибден кенин чыгаруучу заводу 2019-жылы Монголиянын өкмөтүнө өткөрүлүптүр. Биз 2021-2022-жылы Кумтөр алтын кенин толук мамлекетке өткөрүп алдык. Бул жагынан окшоштук бар экен. Анткени эки компания тең өлкөлөрдүн экономикасында орду чоң, тоо-кен өндүрүшүнүн негизин түзгөн ишканалар. Кыргызстанда кенди концентрат жана руда түрүндө ташууга тыюу салынганы жатпайбы. Анткени өзүбүздө аларды иштетүүчү өндүрүштөр курулсун деген сөз болуп жатат. Булардын “Эрдэнэт” ишканасында так ошондой концентратты иштеткен фабрика бар экен. Биз ошону көрүп, таанышып чыгып, тажрыйба алганы жатабыз. Президент өзү да көрүп, бизге тапшырма берди. Биринчиден, өндүрүштү кандай жүргүзөрүн, экинчиден кайра иштетүү ишин кандай алып барууну үйрөнөбүз. Студенттерди жана адистерди окутуу боюнча да кызматташабыз”, – деди ал.

“Эрдэнэт” жез жана молибден кенин чыгаруучу заводунун карьери.
“Эрдэнэт” жез жана молибден кенин чыгаруучу заводунун карьери.

Учурда Кыргызстанда негизинен мамлекеттик “Кара-Балта тоо-кен комбинаты” концентратты байытуу багытында иш алып барат. Бирок ал иш жүзүндө өлкөдө өндүрүлгөн алтындын бир бөлүгүн гана, негизинен Кумтөрдүн концентратын иштетүүгө чама-чаркы жетет. Башкача айтканда, жылына орточо 100 миң тонна гана концентратты аффинаждай алат. Ошол эле маалда өлкөдө жыл сайын орточо 200 миң тоннадай концентрат өндүрүлөт.

Мындан башка дагы үч жеке ишканада – Чаткалдагы "Эти Бакыр Терексай" компаниясында, Кеминдеги "Алтын кен" компаниясында жана Таластагы Жерүй кенин иштеткен "Альянс Алтын" компаниясында концентратты аффинаждоочу чакан фабрикалар бар. Бирок алар кенди жарым-жартылай байытып, калганын кайра Кара-Балтадагы комбинатта иштетүүгө аргасыз. Мындан башка алтын компанияларда кенди байытуучу фабрикалар жок.

Ошол себептүү өлкөдөгү алтын, күмүш, жез же башка кайсы гана кен болбосун көбүнчө сыртка концентрат катары ташылып чыгып, башка өлкөлөрдө иштетилет. Бул биринчи кезекте кендин эсеби тууралуу так маалымат чыгарууга тоскоол болсо, экинчи кезекте салык жана башка төлөмдөрдүн азыраак түшүшүнө себепчи болууда.

Президенттин алдындагы инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэл Темиралиев бул тууралуу мындай деди:

Умбриэль Темиралиев
Умбриэль Темиралиев

“Жалпак тил менен айтканда, кенди казып алып, аны таш катары Кытайга сатуу ордуна вертикалдык интеграцияланган компания түзсөк болот. Башкача айтканда, концентратты өзүң иштетип, аны металлга айлантып, анан металлдан кайра түтүктөрдү, ижарага берилчү темир листтерди жана башка нерселерди чыгара турган завод курсак болот. Мына ушул жагынан биз монголдордун иш тажрыйбасын көрдүк. Маселен, алтынды же концентрат катары чыгарып, же эндей сатып жатпайбызбы. Биз эми ошону өзүбүздө иштетип, зер буюмдарды же башка нерселерди чыгарууга жетишүүбүз керек”.

Жаңы заводдон дайын жок

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 26-октябрында кол койгон жарлыкка ылайык, быйыл 1-майдан тартып Кыргызстандан алтын камтыган руда жана концентратты сыртка экспорттоого убактылуу тыюу салынмак.

Ага ылайык, "Кара-Балта тоо-кен комбинатына" өзгөчө укук берилип, Кыргызстандын аймагындагы кендерде өндүрүлгөн руда жана концентраттарды ошол ишканада кайра иштетүү керектиги тапшырылган. Бул жарлык ошондой эле башка кен иштетүүчү компанияларга да байытуучу ишкана курууга мажбурлай турганы айтылган.

Кумтөрдүн алтыны. Иллюстрациялык сүрөт.
Кумтөрдүн алтыны. Иллюстрациялык сүрөт.

Бирок бул аралыкта аталган завод өзү да модернизацияланып үлгүргөн эмес, ал тургай ишкана банкрот деп жарыяланышы мүмкүн экени айтылган. Ортолукта концентратты байытуучу жеке менчик жаңы заводдор курулган жок. Натыйжада кыргыз бийлиги быйыл мартта чечимди аткарууну артка жылдырып, жарлыкты 2023-жылдын декабрында күчүнө киргизмек болгон.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Эмил Осмонбетов заводдор кыска аралыкта курулбай турганын айтты:

"Жеке мен өзүм бул кызматка жаңы эле келдим, болгону үч жума болду. Ошондуктан жагдай тууралуу учкай гана маалымат бере алам. Азыр Кара-Балтадагы комбинатта жумуштар жүрүп жатат. Бирок негизи бул комбинат менен маселе чечилбейт. Ошондуктан кеп болуп жаткан чектөө жеке компанияларга стимул берүү үчүн киргизилген. Себеби, алар да өзүнүн комбинаттарын курушу керек. Бизде концентратты чыгарууга тыюу салуу, аны улам-улам узартуу же ушуга окшогон нерселер биздин стратегиялык максатка кирбейт. Биздин максат концентраттын баарын Кыргызстандын ичинде иштетип, эң акыркы өнүмгө чейин өзүбүздө өндүрүлсө деген максат бар. Ошондуктан ири компаниялар менен сүйлөшүү иштери жүрүп жатат. Албетте, эч ким эки күндө же эки айда комбинат кура албайт. Алар мүмкүнчүлүктөрүнө, кубаттуулугуна жараша курушу керек".

Маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда иштеп жаткан жети компания алтын концентратын, бир компания алтын рудасын чет өлкөгө алып чыгып, кайра иштетип келүүгө уруксаты бар. Алар:

  • Ала-Бука районундагы “Иштамберди” кенин иштеткен Full Gold Mining ЖЧКсы (концентрат);
  • Ала-Бука районундагы “Бозумчак” кенин иштеткен KAZ Minerals Bozymchak ЖЧКсы (концентрат);
  • Чаткал районундагы “Терексай” кенин иштеткен “Эти-Бакыр Терексай” ЖЧКсы (концентрат);
  • Кемин районундагы “Талды-Булак Сол жээк” кенин иштеткен “Алтын-Кен” ЖЧКсы (концентрат);
  • Чоң-Алайдагы "Алтын-Казык" кенин иштеткен “ГИК “Кайди” ЖЧКсы (концентрат);
  • “Чзин Цинь” компаниясы (концентрат);
  • Чаткал районундагы “Куру-Тегерек” кенин иштеткен “Кичи Чаарат” ЖАКы (концентрат);
  • Чаткал районундагы “Жамгыр” кенин иштеткен Vertex Gold Company ЖЧКсы (руда).

Кыргызстандын тоо-кенчилер ассоциациясынын төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков кеп болуп жаткан маселе жөнүндө "Азаттыкка" мындайча ой бөлүштү:

Дүйшөнбек Камчыбеков
Дүйшөнбек Камчыбеков

"Киргизилген чектөө эмне үчүн узартылды? Анткени, компаниялар кыска убакытта акыркы продуктуну өндүргөнгө чейинки технологиялык линияларды курууга чама-чаркы жеткен жок. Ошого декабрга чейин созуп беришти. Ага чейин да үлгүрбөсө эмне болот? Анда алар концентратты сыртка чийки ташып чыгып, кайра иштетүү үчүн Салык кодексинин негизинде жалпы түшкөн кирешесинен кайсы бир пайызды төлөп турууга аргасыз болот. Буга көпчүлүк компаниялар кызыкдар эмес, анткени анын суммасы чоң болуп кетет. Алтын, күмүш же жез кошулган концентраттардын баасы дүйнөлүк биржада өйдө-төмөн болуп турат эмеспи. Эгер алар ташып чыккан концентратынын баасы жогору болуп турса ошол пайызды төлөп, иштей бериши мүмкүн. Бирок эгер нарк түшүп кетип, рентабелдүү болбой калса, анда компаниялар банкрот болуп калышы ыктымал".

Ачык булактардагы маалыматтарга таянсак, Монголияда алтын, күмүш жана башка кендерди казган компаниялар көп болгону менен аларда да алтынды аффинаждоочу комбинаттар жокко эсе. Ошол себептүү бул өлкөдө өндүрүлгөн концентраттар да чет жакка эндей чыгарылып келген.

Монголиянын бийлиги акыркы жылдары гана Улуу Британия, Казакстан, Орусия жана башка өлкөлөр менен сүйлөшүп, алтынды байытуучу завод курууну сүйлөшүп келаткан. Айтор, жезди байытууда монголдор кыргыздарга үлгү болгону менен, алтынды байытууда жагдайы эле окшош эле көрүнөт.

Монголия менен Кыргызстандын башка окшоштуктары

Башка жагынан алганда, Кыргызстан менен Монголиянын тоо-кен тармагын байланыштырган дагы бир нерсе бар болчу. Тагыраагы, мурда Кумтөр кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясы кезинде монгол жергесиндеги Гацуурт жана Бору аттуу алтын кендерине да ээлик кылчу. Алар бул кендерден 2004-жылдан 2015-жылдарга чейин чоң көлөмдө алтын казып, чыгарып кетишкен.

Бирок Монголия 2019-жылы анын кендерди казуу жана чалгындоо лицензияларын жокко чыгарган. Мындан эки жылдан кийин – 2021-жылы Кыргызстандын бийлиги Кумтөр кенин башкарууну өзүнө алып, 2022-жылы толук өткөрүп алды. Ушул жактан да эки өлкөнүн мисалдары окшош.

Экс-вице-спикер жана экс-вице-премьер Кубанычбек Исабеков эки өлкөнүн кен тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн мындайча талдады:

Кубанычбек Исабеков
Кубанычбек Исабеков

"Монголияда болгону 2-3 миллион калк жашайт, аймагы бизден бир нече эсе чоңдук кылат. Суу маселеси аларда деле бар, бирок кен байлыгы көп. Бир эле көмүрдү алсак, бүткүл дүйнө Монголиянын көмүрүн жакса дагы 50 жылга жетчүдөй запасы бар. Аны Кытай көп сатып алат. Түстүү металлдар да көп, ошол эле "Центерра" ээлик кылган Гацуурт жана Бору кендери. Менеджерлик жагынан Монголия бизге караганда бир топ артыкчылыктарга ээ болгон. Ошол эле салык мыйзамдарын мыктылап өзгөрткөндө чет элдик аферисттер иштей албай тургандай абал түзүп койгон. Алар кабыл алган мыйзамга ылайык, "алтындын бир унциясы 500 доллардан өйдө көтөрүлсө, 70% пайдасы Монголияда калсын" деген норма киргизилген. 1% акциясы жок туруп, маселен 20 тонна алтын өндүрүлгөн учурда 60 миллион долларды салык түрүндө эле алып койгон. Бизде 1992-жылдан 2009-жылга чейин Кумтөрдөн салык түрүндө болгону 10 миллион доллар салык алынган. Элесткиле, 200 тоннадан ашык алтындан болгону 10 миллион доллар салык түшүп жатат. Муну Акаевдин "эрдиги" деп айтсак болот. Ошентип атып, эми, запасынын теңинен көбү кеткенден кийин кенди кайра өзүбүзгө алдык. Анын көп плюстары бар, албетте минустары да бар. Айтор, Монголияда кен тармагында салык жагынан бизден бир топ алдыга кеткен. Биз мына ушундан алардан алчу нерселерибиз көп. Ушул жагынан алганда президент Садыр Жапаровдун "алардын тажрыйбасын алалы" дегени туура деп эсептейм. Алардын тажрыйбасын биз алтын кендерибизди, темир жана башка кендерибизди иштетүү үчүн да пайдалансак болот. Тилекке каршы, бизде "Кыргызалтын" брокердик компания эле болуп калган. Алтынды сатып, пайызын алып эле жашап калган акционердик коом. Мына ушул жакта да реформаларды жасап, мыкты кирешелерге чыксак болот".

"Центерра Голд" компаниясына байланыштуу нааразылыктар Кыргызстанда күчөп жаткан маалда Монголияда да тынбай өтүп турган. Монгол өкмөтү так ошонун шары менен келишимдерди кайра карап чыгып, Монголиянын компаниядагы үлүшүн көбөйткөнгө жетишкен.

2009-жылдан 2017-жылга чейин Монголиянын президенти болгон, учурда АКШда жашап, иштеген Цахиагийн Элбэгдорж"Азаттыктын" кыргыз кызматы менен болгон интервьюсунда буларга токтолду:

Цахиагийн Элбэгдорж
Цахиагийн Элбэгдорж

"Монголияда болобу, башка жерде болобу, инвесторлор элди коркутпашы керек. Алар “булар эми араң өнүгүп, бутуна туруп келатат, биз буларга баарын берип жатабыз” деген калпыс ойдон оолак болсо. Өлкөнү өнүктүрүүдө биз өнөктөш болуубуз зарыл. Эки жак тең жок дегенде теңме-тең пайда көрүшү абзел. Кен иштетүүдөгү дүйнөлүк эң мыкты тажрыйбаны үйрөнүп, андан түшкөн акчаны акыл менен колдонууну үйрөнсөк. Кен байлыкты көз карандысыз бир орган башкарып, ал эл алдында эсепкор болгондо гана иш жүрөт. Анан бул ишке саясатчылар, өкмөт аралашканда – иш тескери кетет. Мен эң биринчи кезекте байлыкты башкарууга өкмөттүн кийлигишүүсүн эмес, жеке менчик сектордон, элден чыккан демилгелерге ыктайм. Өкмөт аралашкан жерде мыйзамсыз иштер орун алат, андай Монголияда да болду. Биздин элдин акылкөйлүгү менен кыраакылыгынан биз андай иштердин бетин ачып, калыс пайда табуу үчүн дагы деле күрөштү улантуудабыз".


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух 10-июлда кол койгон достук жана кызматташтык орнотуу жөнүндө Биргелешкен декларацияга ылайык, эки өлкө саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык багыттар боюнча мамилелерин күчөтмөй болушту. Улан-Батордо Кыргызстандын элчилиги ачылганы да мунун алгачкы мисалы катары белгиленди. Бишкекте болсо монгол элчилиги мурда эле уюшулган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG