14-июлда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолорунда өткүн өтөт. Түштүк-чыгыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 20...25, күндүз 35…40;
Талас жергесинде түнкүсүн 16...21, күндүз 32…37;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 21…26, күндүз 36…41;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 27...32;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 7...12, күндүз 9...15.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 23…25, күндүз 37…39 градус болот.