Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Зеленский НАТО өлкөлөрүн чечкинсиз деп сынга алды


Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский НАТОнун Вильнюстагы саммитине келер алдында Киевдин мүчөлүккө кабыл алуу маселесиндеги чечкинсиз позициясы үчүн альянсты сынга алды.

"Вильнюска бараткан жолдо биз Украинасыз жагдайлар талкууланып жатканы тууралуу маалымат алдык", - деп жазды ал Телеграмга.

Украинанын президенти мындай учурда өлкөнүн НАТОго мүчөлүгү Орусия менен сүйлөшүүлөрдө соодалашуунун предмети болуп калат деп эсептейт:

Ал арада АКШнын президенти Жо Байден НАТОдогу союздаштар Украинанын Түндүк Атлантика альянсына кирүү маселесин макулдашканын билдирди.

Буга чейин бир нече Батыш маалымат каражаттары альянстагы булактарына таянып, НАТОнун Вильнюс саммитинде Украина уюмга чакыруу албай турганын жазышкан.

Литванын борбор шаарында 11-июлда башталган НАТОнун эки күндүк саммитине украин президенти Владимир Зеленский катышары аягына чейин белгисиз болду. Альянска мүчө мамлекеттер Киевдин НАТОго кошуу жаатында бирдиктүү жообун бере элек. Мурдараак эгер альянска мүчө мамлекеттердин лидерлери Украинаны катарына кошуу жараянын баштоодон баш тартса, Зеленский саммитке катышпай турганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG