Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:21

Аба ырайы: күн 41 градуска чейин ысыйт


Сары-Челек.
Сары-Челек.

Кыргызгидромет борбору 12-14-июлда өлкөнүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күндүн табы 36…41 градуска чейин ысырын эскертти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу билдирүү таратып, жарандарды күн ачык жерде жүрбөөнү, айыл чарба өсүмдүктөрүн сугарууну сунуш кылды.

11-июлдагы абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27.

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 32…34 градус болот.

XS
SM
MD
LG