Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:59

Кара-Суу базарынын соодагерлери өкмөт үйүнүн алдында акция өткөрүүдө


Өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акциясына чыккан соодагерлер. 7-июль, Бишкек.
Өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акциясына чыккан соодагерлер. 7-июль, Бишкек.

Ош облусундагы Кара-Суу базарында соода кылгандар президент Жапаровго жолугууну талап кылып, өкмөт үйүнүн алдына чогулушту.

Жыйырмадай соодагер базардын жерин Мамлекеттик мүлк фонду талашып жатканына нааразы.

Алардын айтымында, базардын жери өкмөттүн 1996-жылдагы 626-токтому менен Керектөөчүлөр коомунун облустук союзуна өтүп, 1997-жылы ал жер үлүшчүлөргө сатылган.

“1998-жылы өкмөттүн топтому менен жерлер менчикке таратылган. 2001-жылдары кызыл китептер бериле баштаган. Арабызда менчикке чыгарып, жерди сатып алгандар бар. Эми ушу жерди Мамлекеттик мүлк фонду талашууда. Алар бардык 13 токтомду жокко чыгарып, жерди мамлекеттин балансына алуу үчүн сотко кайрылган. Анда алар мөөнөтүн калыбына келтирүүнү өтүнүп, ал канааттандырылган. 23-июнда Ош райондор аралык соту 13 токтомду тең жокко чыгарды. Бирок эң негизгиси - фонддун сотко кайрылууга акысы жок эле. Башында 100 киши келгенбиз, абалыбыз оор болуп турат”, - деди нааразылардын бири Гүлмайрам Арзибаева.

Нааразылык акциясына чыккандар президенттен алардын жерге алган кызыл китептерин коргоп берүүнү өтүнүп жатат.

Соодагерлер менен Мамлекеттик мүлк фондунун өкүлдөрү жолукканы белгилүү болду. Бирок алар президент Садыр Жапаровдун кабыл алышын талап кылууда.

Президенттин администрациясы жана Мамлекеттик мүлк фонду соодагерлердин нааразылыгы тууралуу комментарий бере элек.

Кара-Суу базарынын жалпы аянты 30 гектардан ашат. Ал Кыргызстандагы эң ири базарлардын бири катары белгилүү. (KS)

XS
SM
MD
LG