Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:28

Диплом чыры: БШК парламенттин эки депутатын мандатынан ажыратты


Фарходбек Алимжанов жана Фархат Исмаилов. Коллаж.
Фарходбек Алимжанов жана Фархат Исмаилов. Коллаж.

Борбордук шайлоо комиссиясы 6-июлдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов (“Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясы) менен Фарходбек Алимжановду ("Альянс") мандатынан ажыратуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШКнын мүчөсү Акбалык Жумалиева билдирди.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги дипломдору жасалма деп шек саналган депутаттар тууралуу материалдарды Боршайкомго жөнөткөнү маалым болгон.

Былтыр апрель айында Улуттук коопсуздук комитети Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун жогорку билими тууралуу документтери жасалма болуп чыкканы тууралуу БШКга маалымат берилгенин билдирген. Боршайком атайын кызмат жөнөткөн материалдарды тиешелүү мекеме-органдар менен чогуу карап чыккандан кийин мыйзамга жараша чечим кабыл алынарын кабарлаган.

Парламенттин сайтындагы маалыматка ылайык, Исмаилов Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти жана Юридикалык академияны аяктаган. Ал эми Алимжанов болсо жогорку билимди алгач Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясында алган.

Экөө тең дипломдору жасалма деген маалыматты четке кагышкан.

XS
SM
MD
LG