Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:06

Алматыда кармалган кыргыз ишкер рейдерлик болуп жатканын айтты


Эрмек Маркабаев.
Эрмек Маркабаев.

Кыргызстан Казакстанда камакта отурган ишкер жараны Эрмек Маркабаев менен жолугушууга расмий уруксатты бир айдан соң гана, көптөгөн тоскоолдуктардан кийин араң алганын, анын ишинде бир топ күмөн жагдайлар болуп жатканын бүгүн 6-июлда “Азаттыкка” Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов билдирди.

Ортодогу келишимдер боюнча жаран кармалганы тууралуу маалыматты казак тарап үч күн ичинде жөнөтүүгө милдеттүү экенин белгилеген башкы консул андай маалымат алигүнчө келе электигин, жолугушууга уруксат алыш үчүн бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине үч жолу нота жөнөтүүгө мажбур болушканын, Маркабаевге кошумча дагы бир адвокат жалдап беришкенин айтты.

Арипов казак мыйзамдарын бузбастан кыргыз жаранынын укугун коргоо негизги максат экенин, Башкы консулдук тергөө иштерине аралаша албай турганын, бирок Маркабаев менен 4-июлда жолугуп чыкканда ал “Базардын акцияларынын 80% ээси полицияны жетектеп турган досу жана экономикалык иликтөөлөр департаментин жетекчиси менен уюшуп алып, базарды башкаруу жагын өзүнө алууга аракет көрүп жатат” деп айтып бергенин кошумчалады:

“Маркабаев аны кармагандан кийин “Алтын Орда” базарын рейдерлик басып алуу аракети болуп жатканын айтууда. Ал иши акыйкат териштирилерине ишенбөөчүлүгүн билдирип, бизге кайрылды. Маркабаев ишти тергөөнү Кыргызстанга алып барып же көз каранды эмес органдарга өткөрүп берүүнү өтүнүүдө. Тергөө абагына киргенимде да катуу тоскоолдук болду. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги берген расмий нотага карабастан киргизбей жатышты, эки саат дегенде араң барып жолуктум. Биз – Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги, Башкы консулдук Казакстандын мыйзамдарын толук сыйлайбыз, баш ийебиз, бирок биздин милдет – ошол нормаларды бузбай туруп, өз жарандарыбыздын укугун мыйзамдуу түрдө коргоо”.

Казак тараптан бул боюнча расмий комментарий боло элек.

Окуя быйыл 2-июнда Алматы облусунун аймагында, Алматы–Бишкек автожолунда болгон. Полицияга куралчан адамдар бара жаткан машина тууралуу анонимдик маалымат түшүп, Маркабаевдин машинасы токтотулган. Жансакчысы текшерилип, анын алып жүргөн куралынын бардык документтери жайында болуп чыккан. Бирок ошол эле замат маңзатка байланыштуу жаңы айып коюлуп, иш козголуп, Маркабаев камакка алынган.

Интернетте Маркабаевди полиция куралчан күч кызматкерлеринин коштоосунда кармап жаткан учур тартылган видео тараган. Видеону чөнтөк телефонуна тартып алган аял ага баңги затын атайылап салып коюшканын айткан.

Маркабаев Алматыдагы бизнесин бул өлкөнүн мурдагы бийлиги тушунда тарттырып жибергени, былтыр сот аркылуу аны кайра кайтарып алганы жана жаңылоо иштерин жүргүзүп жатканы кабарланган. Ал Алматы шаарында тергөө абагында отурат. Ишти Алматы полициясы тергеп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG