Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:26

Оштон Сауд Арабиясына түз аба каттамы ачылат


"Манас" аэропорту.
"Манас" аэропорту.

“Манас” аэропорту Оштон Сауд Арабиянын Жидда шаарына туруктуу аба каттамы ачыла турганын 5-июлда билдирди. Быйыл августтан тарта Сауд Арабиянын Flynas авиакомпаниясынын учактары бул каттам боюнча аптасына үч жолудан учуп турат.

Мекемеден билдиргендей, “Ош” эл аралык аэропортунан Абдулазиз падыша эл аралык аэропортуна туруктуу каттам биринчи жолу ишке ашырылат.

Flynas авиакомпаниясы ажылык учурунда Кыргызстандын муфтияты өткөргөн сынакты көп жолу утуп, кыргызстандыктары Сауд Арабияга ташып келет. Былтыр аталган компания сынакка жалгыз катышып, жеңүүчү болгон.

2-июнда Абу-Даби – Бишкек – Абу-Даби багыты боюнча Wizz Air Abu-Dhabi авиакомпаниясынын жаңы ачылган түз каттамы биринчи жолу Кыргызстандын борборуна учуп келди.

“Манас” аэропорту билдиргендей, аталган каттам менен жүргүнчүлөр Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) борборуна Кыргызстандын баш калаасынан түз уча алышат.

Абу-Даби-Бишкек-Абу-Даби багыты боюнча каттамдар жумасына үч жолу – шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат. Учуу убактысы төрт саатка созулат.

XS
SM
MD
LG