Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын өкүлү Андрей Ковалев украин армиясы Бахмуттун түндүк жана түштүк ыптасынан шаарга жакындап, орус күчтөрүн мурда басып алган жерлерден кыса баштаганын билдирди.
“Аскерлер Клещиевка районунда алга жылып, бошотулган чекте көзөмөл орнотуп" жатканын айтты. Ошол эле маалда орус күчтөрү катуу каршылык көрсөтүп, болгон күчүн салып, оор жоготууларга учурап жатканы да кабарланды. Айыгышкан кармаш жүрүүдө.
Украин күчтөрү Донецк аймагынын Лиман, Авдеевка, Мариинка багыттарында контрчабуулун улантууда. Соңку 24 саатта аймакта 40тай кармаш болгону 5-июлда кабарланды. Башкы штабдын билдирүүсүндө аймактагы 15 калктуу пункт орус армиясынын чабуулуна кабылганы да белгиленген.
Согуш маалында бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.