Соңку жылдарда Кылмыш кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгү менен камакка алынган жана жазага тартылгандар көбөйгөнү белгиленүүдө. Эксперттердин айтымында, бул норманын негизинде соттолгондордун дээрлик баары бийликти сындап, айрым окуяларга карата өз ой-пикирин ачык айткан же социалдык тармактарга жазгандар. Кыргызстанда активист болуу коркунучтуу боло баштадыбы?
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровго Кылмыш кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунун негизинде "расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козуткан” деген негизде быйыл 30-мартта кылмыш иши козголгон. Аны активист 30-июнда гана - үч айдан кийин билген.
“Мен ошого таңгалып атам. Анын үстүнө менин жазган постторумдун мааниси деле жөнөкөй. Мага 330-берене менен иш козгошуптур. Анчалык эле менин жазгандарым жакпай жатса, аша чаппай эле мени чакырып, жөн-жай диалог менен чечсе болмок. Же административдик иш козгоо жетиштүү болмок да. Кулкүң келет. Жөн жерден жалаа жаап, өздөрүнүн да убактысын кетирип, менин да убактымды алып жатат. Эптеп эле бирөөнү темир тор артына камоо максаты болуп жатат. Буларга жарандык активист катары күрдөөлдүү иштеп жатканым жакпай жатса керек. Болбосо мен тартип бузган жерим жок”, - деди Өндүрүш Токтонасыров.
Ал Кыргызстанда жарандык активист, оппозициянын мүчөсү болуу кооптуу болуп баратканын кошумчалады. 65 жаштагы Өндүрүш Токтонасыров активдүү жаран катары адам укуктары, сөз эркиндиги, чек ара, орус-украин согушу баштаган мамлекеттеги жана дүйнөдөгү талылуу маселелерге өз оюн ачык билдирип, ар түрдүү саясий акцияларды уюштуруп, аларга катышып келет.
Мисалы, былтыр 17-мартта согушка нааразылык билдирип, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына чыккан жана соттун чечими менен 3 миң сом айыпка жыгылган. Ошол эле жылдын 8-декабрында Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкекке келишине каршы акцияга чыкканда аны милиция кармап кетип, кайра бошоткон.
“Медиа Полиси” институтунун юристи Нурбек Сыдыков акыркы үч жылда Кылмыш кодексинин 330-беренесинин негизинде козголгон кылмыш иштери көбөйгөнүн билдирди.
Аталган беренеде “расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер, ошого тете жарандардын дини, улуту же расалык таандыктыгы боюнча бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын же кемчиликтерин пропагандалоо, ачык же жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу, ошондой эле интернет тармактарынын жардамы менен кылмыш жасалса миңден эки миң эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат" деп жазылган.
Кийин киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык ошол эле жосундар төмөнкүдөй жасалган учурда адам беш жылдан жети жылга чейин абакта отурушу ыктымал.
Алар:
1) Өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен;
2) Кызмат абалынан пайдалануу менен;
3) Адамдардын тобу тарабынан;
4) Алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
5) Уюшкан топ тарабынан;
6) Кылмыштуу коомдоштуктун курамында.
Юрист Нурбек Сыдыковдун айтымында, 330-берененин өзүндө укуктук жактан алганда бышпай калган чийки норма камтылган, башкача айтканда каалаган адамды каалаган посту же пикири үчүн эле кылмыш ишин козгоп, камап коюуга жол ачылган.
“Көбүнчө өзүн блогермин, жарандык активистмин дегендерге иш козголуп жатат. Тилекке каршы бул беренеде өтө көп түшүнбөстүктөр бар. Мисалы, кайсы бир диндер арасында же кайсы бир улуттар ортосунда карама-каршылыкты көрсөтпөстөн “булар жакшыраак” же “биздин дин жакшыраак” деп койгон үчүн эле кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Болбосо “биздин салт булардыкынан мыкты” деп койсо деле ушул берене колдонулушу ыктымал. Тилекке каршы, 330-беренеде зордук-зомбулукка чакырып кастыкты козутуу менен, зордук-зомбулукка чакырбай кастыкка козутуунун айырмасы так ажыратылган эмес. Алсак, кимдир бирөө “азыр мечиттер көп салынып жатат” деп койсо деле диндер арасындагы кастыкты козутту деп айыпка жыгылган учурлар болууда. Бул жерде эч кандай зордук-зомбулукка чакырбай эле социалдык тармакка өз пикирин жазып койгону үчүн жоопкерчиликке тартылат. Ошол себептүү зордук-зомбулукка чакырган учурда гана кылмыш жоопкерчилигине тартылат, деп беренеге тактык киргизип, өзгөртүү керек. Эгер зордук-зомбулукка чакырбаган кастык тили менен гана чектелсе, аны бузуулар жөнүндөгү кодекстин алкагында гана чара көрүү нормасын киргизүү керек деп ойлойм”.
Соңку жылдарда 330-берене активисттерге карата көп колдонулуп жатканын байкоого болот. Мисалы, активисттер Ырыс Жекшеналиев, Адилет Балтабай, журналист Семетей Талас уулу, Афтандил Жоробеков, Эрик Абдыкалыков, Эмил Бекиев, саясатчы Бактыбек Калмаматов, Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиев, Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбекке дагы колдонулду.
2021-жылы окутуучу Гүлзат Алиева дагы ушундай мазмундагы айып менен кармалып, үй камагына чыккан. 2020-жылы февралда "Сыдыман" деген ат менен таанымал блогер Элмирбек Сыдыманов "расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козуткан” беренеси менен кармалып, кийин үй камагына бошотулган.
Бул берене менен 2019-жылы жарандык активист Афтандил Жоробеков кармалып, кийин абактан чыккан, ага чейин окутуучу Темир Болотбек да ушул берене менен айыпталып, Жогорку соттон акталган.
330-берене Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган жарандык активисттердин, саясатчылардын айрымдарына дагы колдонулган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кемпир-Абад иши боюнча камалгандар “жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген.
Кылмыш ишин козгоого алардын Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы боюнча былтыр 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.
Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далил жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын "саясий куугунтук" деп атап келет.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын пикиринде, улуттар аралык кастыкты козуткандар үчүн мыйзамдык жактан алганда жоопкерчилик керек, бирок ошол эле маалда өз пикирин айткандарды камакка ала берүү да туура эмес:
“Бир жагынан алганда мындай жоопкерчилик керек. Андай улуттар аралык чагымчылык Кыргызстанда болуп келет, анын аркасынан улуттар аралык жаңжал, уруштар болууда. Аларды болтурбоо үчүн профилактикалык иштер керек. Себеби, эсиңердеби бирөө өңү кара болгону үчүн гана Борбордук универсалдык дүкөндүн жанынан токмок жеп каза болуп калган. Кийин билингендей каза болгон адам бир жогорку окуу жайынын мартабалуу мугалими экен. Аны бир көргөн адам эле өңү кара болгону үчүн эле жек көрүп, бир чаап өлтүрүп койду. Бул биринчиден. Анын алкагында мамлекет тарабынан терең иликтенип, алдын алып, профилактика катары бир катар иштер жүрүшү керек. Экинчиден, бул жазалоочу гана максатта болбошу керек. Мамлекеттик органдар эптеп эле ушул беренеге туура келтирем деп кылмышты эмес, адамдарды издебеш керек. Бүгүнкү бийликтин көз карашына туура келбеген өз оюн ачык айткан адамдарды ушул беренеге такап, тууралабаш керек. Ошентип, мен укук коргоочу катары эки анжы ойдо турам, бир четинен мындай жоопкерчилик керек, берене деп айтпайм, жоопкерчилик керек, ал үчүн мамлекеттик органдар иштеши абзел, экинчи жагынан – күч органдары ал беренеге өз оюн билдирип койгон, же болбосо азыркы бийликке тиешеси жок эле дүйнөдөгү кайсы бир окуяларга өз позициясын билдирип койгон жарандык активисттерге карата дагы бул беренени колдонуу туура эмес. Бул деген өтө коркунучтуу”.
Былтыр 17-декабрда президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад иши боюнча чогуусу менен камалгандарга өзүнүн тиешеси жоктугун билдирген.
"Ошол камакта жаткандардын дээрлик 90 пайызы жабык эшик артында өтүп турган чогулуштардын баарына бир эмес, эки-үч жолудан катышкан. Демек, Кемпир-Абад боюнча маселе биздин пайдабызга чечилип жатканын менден жакшы билишкен. Бирок төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба алышпай, ушул Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен. Күч органдары кылдат иштеп, өз убагында басып калышты. Камашты. "Төңкөрүш жасайбыз" деп план түзүп атса башынан сыламак беле? Эми алардын тагдырын мен чечпейм, сот чечет. Ак болсо актайт. Күнөөлүү болсо соттойт. Мен эч кимисине "чыгарып кой" деп буйрук бере албайм. Кийлигишпегеним үчүн Октябрь окуялары боюнча баарын актап жиберишти, "Соттордун ишине кийлигишпегиле" деп эч кимди кийлигиштирбей жатам", - деген эле Садыр Жапаров.
Эл аралык уюмдар жана жергиликтүү укук коргоочулар акыркы жылдарда Кыргызстанда адам укуктарынын, сөз эркиндигинин абалы начарлап, өз пикирин ачык айткан оппозиция өкүлдөрүнө, активисттерге бир катар кылмыш иштери козголуп жатканын билдирип, тынчсыздануусун жарыялашкан. Алар бул жааттагы ар түрдүү көрсөткүчтөр боюнча өлкөнүн абалы барган сайын солгундап баратканын белгилешүүдө.