Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:16

FH: Кыргызстан “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарында калды


Freedom House уюмунун дүйнөдөгү "эркин", "жарым-жартылай эркин" жана "эркин эмес" мамлекеттерди көрсөткөн картасы, 9-март 2023-жыл.
Freedom House уюмунун дүйнөдөгү "эркин", "жарым-жартылай эркин" жана "эркин эмес" мамлекеттерди көрсөткөн картасы, 9-март 2023-жыл.

Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошту. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары басымга туш болгонун билдирет.

9-мартта жарыяланган баяндамага ылайык, соңку бир жыл ичинде Кыргызстандын көрсөткүчү андан мурдагы жылга салыштырмалуу өзгөргөн эмес. Өлкө 100дөн 27 упай гана топтой алган. Салыштыруу үчүн айта кетсек, “эркин” деген Британия 100дөн 93 упай, “жарым жартылай эркин” деген Грузия 58 упай топтогон.

Кыргызстан 2009-жылдан бери Борбор Азиядагы жападан жалгыз “жарым жартылай эркин өлкө” деген макамын сактап келип, 2021-жылы “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошулган. Андан бери бул тизмеден чыга албай келет.

Анын себеп-кесепеттерин жана Борбор Азиядагы эркиндиктин абалын баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Freedom House уюмунун Европа жана Евразия чөлкөмү боюнча улук изилдөөчүсү Майкл Смельцер “Азаттык” менен болгон маегинде түшүндүрүп берди.

- Майкл мырза, Freedom House уюмунун “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасына ылайык, дүйнө жүзүндө эркиндиктин абалы соңку 17 жылдан бери начарлап жатыптыр. Уюм дүйнөдөгү саясий укуктардын жана жарандык эркиндиктердин абалын баалоо үчүн колдонуп келген индикаторлордун ичинен медиа эркиндиги жана сөз эркиндиги 2005-жылдан бери кескин түрдө начарлаган экен. Мунун себептери эмне?

Freedom House (Фридом Хаус) уюмунун изилдөөчүсү Майкл Смельцер.
Freedom House (Фридом Хаус) уюмунун изилдөөчүсү Майкл Смельцер.

- Баяндамага болгон кызыгууңуз үчүн рахмат. Сиз айткандай, дүйнөдө 17 жылдан бери демократиялык чегинүүгө күбө болуп жатабыз. Соңку жылдарда биз дүйнө жүзүндө анти-демократиялык жана авторитардык түрдүү иш-аракеттер кулачын жайганын көрдүк. Сиз сөз эркиндигин жана басма сөз эркиндигин бутага алган чабуулдарды да эске сала кеттиңиз. Биз мындай жагдайды Бразилия, Тунис, Буркина-Фасо жана Борбор Азияда да байкадык.

Кыргызстанда “Азаттык” радиосу опузага кабылганын, журналист Болот Темиров депортацияланганын жана башка ушул сыяктуу окуяларды көрдүк. Мунун баары бийликтин сөз эркиндигине каршы чабуулдарынын бир бөлүгү. Бул дүйнөлүк тенденцияга үндөш. Чынында былтыр басма сөз эркиндиги дүйнөдөгү 157 өлкөдө жана аймакта чабуулга туш болду.

"Кыргызстанда медиа чабуулга кабылды"

- Сиз айткандай, былтыр Кыргызстанда Болот Темиров сыяктуу эркин журналисттер жана жарандык активисттер басымга кабылды. Кыргыз өкмөтүнүн Өзбекстан менен чек ара келишимине каршы чыккан 20дан ашык активист жана саясатчы камакка алынды. “Азаттык” радиосунун веб-сайты жана банк эсеби жабылды. Кыргыз бийлиги басма сөз эркиндигин жана жарандык эркиндиктер чектелип жатканын четке кагып келет. Кезинде Борбор Азиядагы демократиянын аралчасы деп аталган Кыргызстандагы мындай кырдаалды сиз эмне менен байланыштырасыз?

- Биз “эркин эмес” мамлекеттердин тизмесине киргизген өлкөлөрдүн көбүнүн лидерлеринен же бийлигинен эркиндик жана демократия тууралуу утур-утур угуп келебиз. Бирок Freedom House уюмунун изилдөөсү абдан так. Лидерлердин бул билдирүүсүнө далилдер керек.

Биз өкмөттүн билдирүүлөрүн эмес, чыныгы шарттарда карапайым калк өз укугун жана эркиндигин канчалык колдоно аларын карайбыз. Бийлик оозеки түрдө эркиндикке кепилдик бардыгын айта бериши мүмкүн. Бирок биз эркиндик кандай корголуп жатканын талдоо жана Кыргызстандагы окуялардын терең түшүнүү үчүн элдин иш жүзүндөгү абалына көңүл бурабыз.

Биз баяндамабызда бир өлкөдөгү жагдайдын экинчи өлкөгө тийгизген таасири тууралуу сөз кылганбыз. Маселен “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзамды өзгөртүү аракети болобу, же “чет өлкөлүк агент” деген мыйзамды кабыл алуу аракети болобу, айтор, Кыргызстанда Орусиядагы мыйзамдарга өтө окшош мыйзамдар кабыл алынып жатканын көрүп турабыз. Өкмөт өзүнүн иш-аракеттери эркиндикти жана демократияны камсыздоого багытталганын айтса да тынчсыздана турган көп маселе бар.

- Freedom House жаңы баяндамасында Кыргызстанды соңку он жыл ичинде өтө көп чегинүүлөргө жол берген өлкөлөрдүн да катарына кошкон экен. 2021-жылы уюм Кыргызстанды “эркин эмес” мамлекет деп атаган. Муну менен Кыргызстан ага чейин 11 жыл бою сактап келген “жарым-жартылай эркин өлкө” деген макамынан ажыраган. Андан бери үч жыл бою Кыргызстан дүйнөдөгү “эркин эмес” 50 мамлекеттин катарынан чыга албай жатат. Соңку үч жылга көз чаптырсак, Кыргызстандын “эркин эмес” өлкө бойдон кала беришине түрткү берген негизги себептерди кандай чечмелесек болот?

- Биздин баяндамабыздын тыянагына ылайык, буга элдин саясий укуктарындагы артка чегинүүлөр себеп болуп жатат. 2020-жылдагы парламенттик шайлоо ири нааразылыкка жана президент Жапаровдун бийликке келишине жол ачканын көрдүк. Булар толук демократиялык жол менен, ачык-айкын жана калыс шайлоо жолу менен ишке ашкан жок.

Жапаров башында турган бийликтин элдин саясий укуктарын көз жаздымда калтырышы Кыргызстандын эркин жана адилет өлкө деген көрсөткүчтөрүн төмөндөтүп койду. Мындай жагдай өлкөнүн өзүндөгү элге таасирин тийгизет. Алар бийлигин ээн-эркин, ачык-айкын тандай албай калышат.

- Алдыда айтканымдай, кыргыз бийлиги мындай дооматтарды четке кагып, Кыргызстан дагы деле демократиялык өлкө экенин айтып жатат. Саясий укуктардан башка дагы кайсы жагдайлар Кыргызстандын Freedom House уюмунун баяндамасындагы упайларынын төмөндөшүнө себепчи болууда?

- Жарандык коом жана көз карандысыз маалымат каражаттары чабуулга кабылганын көрүп жатабыз. Өлкө боюнча жарандык коомдун өкүлдөрү, өзгөчө бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү басымга туш болуп жатканын билебиз.

Бейөкмөт уюмдардын ишин кыйындата турган мыйзамдар сунушталып жатат. Бул да Кыргызстандын көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшүнө негиз берген себептердин бири.

- “Азаттык” радиосу Кыргызстандын эгемендик тарыхындагы саналуу көз карандысыз маалымат каражаттарынын бири экени белгилүү. Бул радионун айланасындагы соңку жагдайлар канчалык сиздерди тынчсыздандырат?

- Саналуу гана көз карандысыз маалымат каражаттары иш алып барган өлкөдө - бул эркиндиктин абалы начарлап баратканын көрсөткөн жана биз көңүл бурган индикаторлордун бири. Көз карандысыз медиа өкмөттүн кылган иштери тууралуу калкты кабардар кылып турат. Мындай маалымат каражаттары бийликтин кадамдары тууралуу биринчилерден болуп кабар берет.

“Азаттык” узак жылдардан бери өлкөдө болуп жаткан окуяларды документтештирип келет. Башка медиалар, анын ичинде өкмөткө ыктаган маалымат каражаттары болобу, алар “Азаттык” кылгандай иштерди жасай алган жок.

Соңку жылдары башка эркин маалымат каражаттары бийликтин басымына туруштук бере албай, кыйналып турганын көрүп жатабыз. Бул сыяктуу тынчсыздандырган тенденциялар “эркин эмес” өлкөлөрдүн баарында байкалууда. Автократ лидерлер, демократиялык баалуулуктарды сүрөбөгөн жетекчилер бул маалыматтын толук жарандарга жетип турушун каалашпайт жана болуп жаткан окуялар тууралуу риториканы көзөмөлдөп тургусу келет. Ошондуктан алар эркин медианы бутага алышат.

"Кандуу Январь иликтениши керек"

- Коңшу Казакстандагы кырдаалга токтолсок. Былтыркы Январь окуяларынан кийин Казакстандын саясий айдыңында бир топ өзгөрүүлөр болду. Президент Токаев өлкөнү демократиялаштырам деп бир катар дымактуу убаларды берди. Анын демилгелери коомдо бир жактуу кабыл алынган жок. 2022-жылдагы Казакстандагы эркиндиктин абалына кандай баа бересиз?

- 2022-жылы Казакстан кайра эле “эркин эмес” мамлекет болду. Өзгөчө баяндамабыздын саясий укуктар бөлүгүндө Казакстандын көрсөткүчү жалпы 40 упайдын ичинен 5 упайды гана көрсөттү. Быйыл Казакстандын жалпы упайы өзгөрбөсө да өлкөдө жарандык эркиндик чектелип жатканын баяндамабызда белгиледик.

Казак бийлиги өкмөттү сындагандарды куугунтуктап жатат. 2022-жылы Казакстанда жарандардын эркин жыйынга чогулуу укугу жана сөз эркиндиги чектелгенин көрдүк. Былтыр үй-бүлөлүк зомбулук жана кыйноо фактылары жазасыз калган учурлар болду. Сиз Январь окуяларын ырас эске салып өттүңүз. Алдыда ал тууралуу да кенен кеп кылсак болот.

- Ооба, кандуу Январь окуялары демекчи, былтыр жыл башында Казакстандын дээрлик бардык аймактарында болгон нааразылыкта 238 адамдын өмүрү кыйылды. Өзүңүз билгендей, бул окуялардын учурунда кыйноо, күнөөнү мажбурлап моюнга алдыруу сыяктуу көрүнүштөр катталды. Freedom House уюму өз баяндамасында бул окуяга Орусиянын призмасынан карагандай туюлду. Уюм Январь окуяларын дагы тереңирээк изилдөөгө кызыкдарбы? Freedom House бул окуяларды жалпысынан кантип мүнөздөйт?

- Бул суроону терең түшүнөм жана бул маселени көтөргөнүңүз үчүн рахмат. Кандуу Январдын казак элине кесепетин айтпай коюуга болбойт. Чынында эле биздин баяндамада Орусия менен Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бул окуяларга кийлигишүүсү тууралуу сөз болгону менен бул теманы, балким, казак элинин өз көз карашынан кароо маанилүүрөөк экенин эстен чыгарбашыбыз керек.

Сиз белгилегендей, адеп тынч демонстранттардын газдын кымбатташына каршылыгынан башталып, кийин бийликтеги режимге каршы ири нааразылыкка айланган бул окуялардан улам 200дөн ашуун адам курман болду. Бийликтегилердин жообу катаал болду.

Ошол кезде Freedom House уюму көчөдө зордук-зомбулуктун күч алганына жана өлкө боюнча интернеттин чектелгенине тынчсыздануусун билдирген болчу.

Биз көп учурда адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурган мындай окуяларды эстен чыгарып коёбуз. Бул окуялар региондогу геосаясий кырдаал үчүн гана эмес, Казакстандын калкы үчүн маанилүү болгонун баса белгилегим келет.

Январь окуяларында чындап эмне болгонун түшүнүү аракетин улантышыбыз керек. Ал үчүн казак бийлиги толук, ачык-айкын иликтөө жүргүзүшү зарыл.

- Январь окуяларынан кийин Казакстанда бир катар саясий өнөктүктөр болду. Казакстан Конституциясын өзгөртүп, Касым-Жомарт Токаев экинчи президенттик мөөнөтүнө шайланды. Токаев бир катар саясий реформаларды убада кылганын айтып өттүк. Бирок иш жүзүндө алар, өзгөчө демократия, адам укуктарына байланыштуу убадалар аткарылып жатабы? Бул маселе өзгөчө Казакстанда алдыдагы парламенттик шайлоонун фонунда маанилүү болуп турат.

- Тилекке каршы, биз көп жылыштарды байкай алган жокпуз. Биз, албетте, “Жаңы Казакстанды” түптөө демилгесин жогору баалайбыз. Саясий укуктарга жана жарандык эркиндиктерге байланыштуу жагдай өзгөрөрүн көрө жатарбыз.

Бирок бул демилгелерден кандай майнап чыгарын байкап турушубуз керек. Freedom House болуп жаткан окуяларга, айрыкча парламенттик шайлоо алдындагы кырдаалга, элдин үнү чындап угулуп-угулбаганына, тандоо мүмкүнчүлүгү бар же жок экенине кылдат көз салат. Шайлоодон бийлик каалагандай эмес, эл күткөндөй жыйынтык чыгарына көз салат.

- Freedom House уюму соңку баяндамасында Тажикстанда да басма сөз эркиндиги начарлап кеткенине көңүл бурган экен. Былтыр бул өлкөдө бир топ көз карандысыз блогерлер жана журналисттер куугунтукка кабылды. Айрымдары абакка түштү. Бул аптада дагы бир журналист кармалганы белгилүү болду. Тажикстандагы басма сөз эркиндигине, жалпы эле жарандык эркиндиктин абалына кандай мүнөздөмө бересиз?

- Ооба, Тажикстанда былтыр да, быйыл да тынчсыздандырган кырдаал өкүм сүрүп жатат. Сиз көз карандысыз маалымат каражаттарынын абалы тууралуу сөз кылып кеттиңиз. Тажикстан да бул тенденциядан четте калган жок. Тажикстан биздин баяндамабызда 100 баллдан жети гана упай алып, эң репрессивдүү өлкөлөрдүн бири болуп калды жана биздин рейтингде эң акыркы орундардын бирин ээледи.

Тажикстанда бейөкмөт уюмдардын эркиндигине байланыштуу тынчсыздануу жараткан тенденциялар упайлардын төмөндөшүнө себепчи болду.

2022-жылы тажик өкмөтү жарандык уюмдардын ишин чектөөнү улантты. Гуманитардык уюмдарга катаал чараларды көрүп, Памирдеги азчылыктардан чыккан активисттерди бутага алууда. Былтыр май айында бийлик Тоолуу Бадахшан автоном облусуна аскерлерин жөнөткөнүн, андан ондогон кишинин өмүрү кыйылганын, чөлкөмдүн сырткы дүйнө менен байланышуу жолдорун бууп салганын көрдүк.

Абал абдан оор. Чынында Тажикстанда болуп жаткан окуяларга көбүрөөк көңүл бурулушу керек.

Согуштун эпкини, Орусиянын таасири

- Буга чейин айтылгандарды корутундулай турган болсок, жалпы эле соңку бир жыл ичинде Борбор Азияда кырдаал кандай өзгөрдү десек болот? Сиздердин баяндамада Орусиянын Украинадагы согушунун жана Москванын көз карандысыз медиага каршы чабуулдарынын Борбор Азияга кесепети тууралуу учкай сөз болгон экен.

- Тилекке каршы, жалпысынан Борбор Азияда тескери трендди байкадык. Өзбекстанда дин тутуу эркиндигине байланыштуу мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөрдөн улам бир аз жылыш болгону менен жалпысынан региондо же өзгөрүү болгон жок, же артка чегинүү катталды. Орусиянын Украинадагы согушунун түз таасирин эсептеп чыгуу кыйын. Москванын чечимдеринин кесепетине ашкере маани бергибиз келбейт.

Кыргызстанда Орусияда кабыл алынган мыйзамдарга окшош мыйзам долбоорлору сунушталып жатканын айтып өттүм. Казакстанда Vlast.kz жаңылыктар порталы Орусиянын медиа жана байланыш тармагына көз салган “Роскомнадзор” мекемесинин согушка байланыштуу макалаларды алып салуу тууралуу талабын аткаруудан баш тартты.

Чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн арасында өз алдынчалыгын сактап, түз эле Орусиянын артынан ээрчибегендери да бар. Бул мага аз да болсо үмүт берет.

- Орусия демекчи, Freedom House уюмунун соңку баяндамасында Москванын Украинадагы согушунун украиналыктарга тийгизген терс таасири тууралуу да кенен сөз болот экен. Ал эми Владимир Путиндин бул согушу карапайым орусиялыктардын жашоо-турмушуна, Орусиянын ичиндеги кырдаалга кандай кедергисин тийгизди?

- Орусиянын кол салуусунан улам Украина көрсөткүчтөрү эң кескин төмөндөгөн өлкө болуп калды. Орусиянын өзүндөгү кырдаал да начарлады. Саясий укуктардын жана жарандык эркиндиктин көрсөткүчү 3 упайга артка кетти. Жалпысынан өлкөнүн көрсөткүчү 16 упайга төмөндөдү. Бул чоң артка чегинүү.

Былтыр 24-февралда Орусиянын күчтөрү Украинага басып киргенден кийин Кремль көз карандысыз медианы, оппозицияны, жарандык коомду бутага алган чукул куугунтугун баштады. Согушка каршы сүйлөгөндөрдү кылмышкерлерге теңеди.

Бийлик “чет өлкөлүк агент” мыйзамын дагы кеңирирээк колдонуп, керек болсо орус өкмөтү жөнүндө жаман сөз айткандарды да бул топко кошту. Орус бийлигин жана армиясын сындаган ондогон адамдар жоопко тартылды.

Жарым-жартылай деген аскердик мобилизациянын да таасири болду. Он миңдеген адам өлкөдөн качып чыгууга аргасыз болду. Мигранттар жана түрмөдөгүлөр аскердик кызматка күчтөп жөнөтүлдү. Алар өз чөнтөгүнөн аскердик каражаттарды сатып алууга аргасыз болушту.

Мунун баары көрсөткүчтөрдүн начарлашына себепчи болду. Акыркы бир жылда Орусияда керек болсо жарандардын эң жөнөкөй эркиндиктери, анын ичинде академиялык эркиндик чектелди. Орус өкмөтү студенттерге Украинадагы согуш тууралуу пропаганданы таңуулады. Илимпоздорго чет өлкөгө чыгып, эл аралык конференцияларга катышууга уруксат берген жок. Согуш тууралуу башкача көз карашта болгон окумуштууларды бутага алды.

- Эми “Дүйнөдөгү эркиндик – 2023” баяндамасын корутундуласак. Баяндамада айтылгандай, 50 жыл мурдагыга караганда дүйнөдө эркин мамлекеттердин саны азыр кыйла көп. Ошентсе да дагы деле демократиядан артка чегинип жаткан мамлекеттер аз эмес. Келечекте эмнени күтсөк болот? Уюмдун прогноздору кандай?

- Үмүтүмдү үзгүм келбейт. Бирок 17 жыл катары менен уланып жаткан артка чегинүүдөн кийин үмүт абдан аз. Бирок Орусиянын Украинага кол салганы биз үчүн эмне маанилүү экенин так көрсөттү окшойт.

Дүйнөдөгү демократиялуу өлкөлөр Украинаны бир ооздон колдоп чыкканын көрдүк. Ошол учурда дүйнөнүн булуң-бурчундагы башка өлкөлөр жана алардын жарандары эркиндигин жана демократиясын дагы бекемдеши керек.

Акыркы 17 жылда жоготкондорубуздун ордун толтуруу үчүн дагы көп иш жасалышы керек. Бирок бул маанилүү күрөш. Бул дүйнөнүн демократияга багыт алган сапарындагы бурулуш учур болот деп үмүттөнөбүз.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG