Евразия тарыхына сереп салсак, жарандык коомдун пикирин эске албаган диктаторлук бийлик акыры кулатылган. Көп этностуу Орусиянын тарыхы да буга күбө. Тарыхчынын блогу.
Айтылуу Арстанбек Буйлаш уулунун “эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң – кийиксиң” деген накыл сөзү ар кандай өкүмзор бийликтер үчүн жазуучу Төлөгөн Касымбеков “Сынган кылыч” романында тек көркөм усул катары жараткан “Шералы хандын чокоюнан” да кубаттуу эскертүү болуп турат.
Орусия падышалыгында...
Падышалык Орусиянын тарыхында жарандык коомду угуу жаатындагы тарыхый өксүк улам-улам кайталанып турган.
Маселен, 1825-жылдын 26-декабрындагы (эски, Юлий жылсанагы боюнча 14-декабрдагы) падышалык империянын борбору Санкт-Петербургдагы декабристтердин көтөрүлүшүн алсак болот. Эгерде декабристтерди элдин бир айдыңдык жана дворяндык бөлүгүнүн үнү катары кабыл алса, анда жаңы эле тактыга отурган падыша Николай Биринчи (1796–1855; Григорий жылсанагы боюнча бийликтеги мезгили: 01.12.1825–02.3.1855) орусиялык коомду либералдаштыруунун эң алгачкы кадамын жасамак, анын бийлигин чектеген парламент көп узабай түзүлмөк.
Эгерде ошол кезде падышалык Орусияда парламент түзүлсө, андан кийинки да реформачыл талаптар айтылмак: балким, дыйкандарды жерге бекитүү системасы (крепостнойлук) бул өлкөдө алда канча эрте жоюлмак, өлкө коому андан ары либералдаша бермек...
Бул окуядан дээрлик 80 жылдан кийин, 1905-жылы 22-январда (Юлий жылсанагы боюнча 9-январда) Санкт-Петербургда “Кандуу жекшемби” деген атка конгон каргашалуу окуя болду. “Адилет падышадан ырайым жана көмөк суроо” үчүн тынч мүнөздө Кышкы Ак сарайга (азыркы муундар үчүн кошумча айта кетсек, азыркы Эрмитаж музейи турган жайга) карай жүрүш жасаган куралсыз карапайым калайыкты падыша Николай Экинчинин (1868–1918; Григорий жылсанагы боюнча бийликтеги мезгили: 01.11.1894–15.3.1917) бийлиги ок менен тосуп алды.
Акыры 1905–1907-жылдагы Биринчи Орус ыңкылабынын жүрүшүндө падышалык бийлик бир катар жеңилдиктерге барууга аргасыз болду, маселен, падышалык бийликти кыйла чектеген Мамлекеттик дума деп аталган парламент түзүлдү.
Дал ушул түзүлүштүн уландысынын, Төртүнчү чакырылыштагы Мамлекеттик думанын трибунасында туруп, 1917-жылдын 14(27)-февралында демократ Александр Керенский (1881–1970; Григорий жылсанагы боюнча Убактылуу өкмөттү бийлеген мезгили: 20.7.1917–08.11.1917) падышалык режимди биротоло жок кылууга чакырык жасаган.
Бул чакырык дагы элдин бир өкүлүнүн парламентте жаңырган үнү болгон...
Жумурияттык Орусияда...
Ал эми 1991-жылдын 19–21-августундагы Чукул кырдаал боюнча мамлекеттик комитет түзүлгөндөгү кутумдук кырдаал, 1993-жылы 21-сентябрда президент Борис Ельциндин (1931–2007) колу коюлуп чыгарылган конституцияга каршы №1400 жарлыктан кийинки 3–4-октябрдагы Маскөөдөгү дүрбөлөң (анын ичинде парламент жайгашкан “Ак үйдү” аткылоо), ж.б. окуялар Орусиядагы авторитардык аткаруу бийлиги элге өз эркин күч менен таңуулоого кийинчерээк да умтулуп келгендигин тастыктайт.
Бийликтердин элге карата мамилесиндеги окшоштук
1825–1993-жылдардагы бул окуяларды өз ара салыштырып, Орусиянын бийликтериндеги олуттуу өзгөчөлүктү байкай алабыз.
Ал – бийликтердин жарандык коомдун пикирине карата текебер мамилеси.
Албетте, кээде кечигип болсо да, аздыр-көптүр жеңилдиктерге баруу, чала-чарпыт реформа жасоо учурлары катталган. Кээде күч колдонуу менен өзүм билемдик кылган, коомдун пикирин четке каккан турумдар да орун алган.
Дал ушундай өкүмзордук менен коштолгон окуялар жана улам жаңы конституциялык референдумдар Орусия Федерациясындагы авторитардык президенттик бийликти андан ары чыңдай берген.
Оппозиция үчүн көчөдө да орун калбады...
Бүгүнкү Орусияда Федерациялык кеңеш да, Мамлекеттик дума да азыркы президент Владимир Путиндин көшөкөрү деңгээлине түшүрүлгөндүгү, бул үчүн жалаң гана кремлчил жана өп-чап добушка жеткен анча-мынча солчул делген партияларга гана парламентке кирүү үчүн шарт жаратылгандыгы жашыруун эмес.
Ал эми жарандык кайчы пикирди ээн-эркин билдирүү далаалаттары бул өлкөдө кантип өчүрүлүп жаткандыгы оппозициячыл саясатчы Борис Немцов (1959–2015) мырзанын 2015-жылы 27-февралда Кремлге жакын жердеги көпүрөдө өлтүрүлүшү, Алексей Навальныйдын он миңдеген тарапкерлеринин 2021-жылдын башындагы нааразылык жыйындарынын күч менен таркатылышы, Украинага каршы баскынчыл согушту айыптагандарды аёосуз жазалоо сыяктуу окуялардан улам айгинеленүүдө.
Боштукка пригожиндер келишет
Жарандык коом өкүлдөрү ушунчалык опузаланган жана чөгөлөтүлгөн маалда, кайчы пикир айткандар бозгунга кетүүгө аргасыз болгон же абакка салынган кырдаалда, албетте, коомдук-саясий турмуштагы боштуку кимдер толтурат?
Авторитардык бийликтин ээсин тикелей колдогон, бирок анын жакын чөйрөсүндөгү жемкорлукту ашкере сындамыш болгон, арийне, өзү да жалданма куралдуу күчтөргө таянган жана өзү да мамлекеттик жемкорлук системанын туундусу болгон пригожиндер толтурат.
Режимдин өкүлдөрү өздөрү эле диктатордон тажай башташат.
Эгерде бир Евгений Пригожин чыкпаса, анда башкасы деле чыкпай койбойт. Бери дегенде тымызын кремлчил делген Ксения Собчак сыяктуу ички сынчылардын үнү угулат.
Маселенин өзөгү – кремлчилердин башка диктаторду тандоого жетишүүсүндө же жарандык коомдун эпкини менен өлкө либералдык демократиялык нукка багыт алуусунда.
Ачык коомго умтулуу
1825- жана 1905-жылдардагы коомдук турмуштан айырмаланып, азыркы дүйнөлөшүү заманында эл аралык көз каранды эмес медиа каражаттары интернет аркылуу Орусиянын булуң-бурчуна авторитардык режимдин цензурачыл маалымат түйүнүнүн маалымат топтомуна сыйбаган көз каранды эмес маалыматтарды улам кеңири жайылтышууда.
Интернетке карата бөгөттөр технологиялык ыкмалар менен айлантылып өтүүдө.
Мындай жагдай жарандык коомду акырындап кайрадан чыңдоого шарт жаратат, ал эми жарандык коомду таптакыр тоотпогон бийлик ээси акыры колундагы тизгинден ажырайт.
Көп этностуу Орусиянын эли да жөн эл эмес. Ачык коомду самаган элдин сааты улам чыкылдоодо.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.