Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:10

Израил Женин аймагында аскердик операция жүргүзүүдө


Израил дүйшөмбү күнү Иордан дарыясынын батыш жээгинде жайгашкан Женин калаасындагы качкындар лагеринин аймагында палестиналык согушкерлерге каршы ири операция башталганын жарыялады. Рейдге жүздөгөн аскерлер катышууда. Палестина тараптын маалыматына караганда, сегиз адам каза болуп, 50сү жараат алган.

Чопкутталган техника, бульдозер, дрон колдонулган бул аскердик аракетти батыштагы маалымат агенттиктери бир нече жыл ичиндеги эң ири операция деп аташууда.

Израилдин коргонуу күчтөрү Женин аймагындагы “террордук инфраструктурага” сокку ургандыгын маалымдады. Аскерлер "Женин бригадасы" радикал түзүмүнүн мүчөлөрүнө кызмат кылган "биргелешкен операциялар борбору" бутага алынганын билдиришти. Ошондой эле Израилдеги буталарга сокку урууда колдонулган курал-жарак кампаларына жана баш калкалоочу жайларга сокку урулганы кабарланууда. Айрым маалыматтарга ылайык, 20дай киши кармалды.

Буга чейин Израил Иордан дарыясынын батыш жээгинин түндүгүндөгү качкындар лагери жайгашкан аймакта операцияларын күчөткөн. Бул объект палестиналык куралдуу топтордун чеби деп аталат.

"Франс Пресс" агенттиги бул жакта израилдиктерге каршы чабуулдардын толкуну болгонун, ошол эле учурда жөөт күчтөрү палестиналыктардын топторуна кол салганын жазды.

Жакынкы Чыгышта быйыл майда абал курчуп кеткен. Андан соң Израилдин коопсуздук күчтөрүнүн Газа тилкесиндеги операциясында палестиналык радикалдык “Ислам жихады” тобунун бардык жогорку жетекчилиги жок кылынган.

XS
SM
MD
LG