Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:29

Активисттин иши: Фейсбуктагы постко байланган сурак


 Өндүрүш Токтонасыровдун сурактан чыгып бараткан учуру. 1-июль, 2023-жыл
Өндүрүш Токтонасыровдун сурактан чыгып бараткан учуру. 1-июль, 2023-жыл

Ички иштер министрлиги жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровго "Фейсбукта жазган посту аркылуу улут аралык кастыкты козуткан" деген негизде кылмыш ишин козгогону белгилүү болду. Активист 30-июнда түнкү саат 11ге чейин, андан кийин 1-июлда ИИМдин Тергөө кызматына сурак берип чыкты.

Фейсбуктагы пост себеп болгон сурак

Ал 4-июль, саат 14.00гө кайрадан суракка чакырылганын, өзүнүн Фейсбукка жазган посттору боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалганын 1-июлда ИИМден чыккандан кийин "Азаттыкка" билдирди.

"Адилет министрлигинин алдында лингвистикалык экспертиза дайындашат экен. Алар Фейсбукта жазган материалдарым менен таанышып, талдап чыгышат экен. Булардын айтымында мен постторумда элди улут аралык араздашууга, расалык бөлүнүүгө чакырыпмын. Бул - жомок. Мен дайыма олуттуу ой-пикиримди ачык айтам", - деди Өндүрүш Токтонасыров.

Аны 30-июнда белгисиз кишилер машинеге күчтөп салып кеткенин жакындары көрүп калып, укук коргоочуларга, милицияга кабар беришкен.

Активисттин дайыны үч сааттан кийин ИИМдин Тергөө кызматынан чыккан.

Муну укук коргоочулар адам уурдоо деп баалап чыгышты.

"Бул адам уурдоого жатат. Себеби, бул кишини үйүнүн жанынан төрт жигит күч колдонуп машинеге салып кетишкен. Ошол убакта Токтонасыровдун кичүү келини үйүндө болгон. Ал билбей калган. Улуу келини дүкөнгө чыгып көрүп калган. Эч кандай чакыруу кагазын беришкен эмес. Алып кетип аткан себебин айтышкан эмес. Үй-бүлө мүчөлөрүнө кайда алып кетип атканы тууралуу да маалымат бербеген. Бул - күч колдонуу менен адам уурдоо дегенге жатат жана эң оор кылмыш болуп саналат. Эң өкүнүчтүүсү - бул укук коргоо кызматкерлери тарабынан жасалып атышы", - деди укук коргоочу Азиза Абдирасулова.

Жарандык активист Бурул Усманали Токтонасыровго карата козголгон берене бийликтин оюнчугуна айланды деген пикири менен бөлүштү:

"Өндүрүш байкени кармоо үрөйдү учурду. Түнү бою кабатыр болдук. Кудайга шүгүр, кайтып үйүнө келди. Бирок, бул жерде биз тынч боло албай калдык. Анткени иш козголуптур. Эки нерсе бул жерде. Биз кайрылган ИИМ өзү колун кайрып алып кетиптир. Экинчиси: тагылып жаткан күнөө - 130-берене боюнча. Бул берене бийлик бардык жаман көргөнүнө коюп келген оюнчук болуп калды. Мен саясат таануучу катары айтам. Ушуну Кылмыш кодексинен либералдаштырып, башка жолго алып салбаса, бул - сталиндик берене. Ар бир бийлик Атамбаев да, Жээнбеков да, азыркы бийлик да колдонуп жатат. Мунун артында каалаган активистти, укукту сүйлөгөн адамды баса калып жатат. Жарандык коом, баары чогулуп күрөшпөсө болбойт. Америка деле ушинтип күрөшүп жатып ийгиликке жетиптир. Бул коркутуунун артында Орусия турат. Анткени Токтонасыров Украинадагы согуш боюнча өтө көп жазган".

Өндүрүш Токтонасыров ИИМден сурактан чыккандан кийин жергиликтүү активисттер жана адвокаты менен. 1-июль, 2023-жыл.
Өндүрүш Токтонасыров ИИМден сурактан чыккандан кийин жергиликтүү активисттер жана адвокаты менен. 1-июль, 2023-жыл.

Токтонасыров 30-июндагы сурак маалында кол телефонун тергөөчүнүн токтомунун негизинде "мүмкүн болгон далилдерди табуу" максатында алып коюшканын кошумчалап, документтин сүрөтүн жиберди.

Тергөөчүнүн токтому

ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсү А.Эркинбековдун колу коюлган токтом 30-июнда Бишкекте чыккан. Анда "тергөөчү Кылмыш кодексининин 330-беренесинин экинчи бөлүмүнүн үчүнчү пунктуна ылайык козголгон кылмыш ишинин материалдарын карап көрүп, интернетти мониторинг кылууда Өндүрүш Токтонасыров Фейсбуктагы өз аккаунту аркылуу расалык, улут аралык кастыкты козутууга, улуттук баалуулуктарды кемсинтүүгө багытталган билдирүүлөрдү таратып жатканы" белгиленген.

Факты боюнча 30-июнда 330-берененин негизинде кылмыш иши козголуп, иликтөө башталды деп жазылган. Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында активисттин телефону алынганы көрсөтүлгөн.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын капитаны А.Эркинбековдун колу коюлган токтом. 30-июнь, 2023-жыл.
Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын капитаны А.Эркинбековдун колу коюлган токтом. 30-июнь, 2023-жыл.

Ички иштер министрлиги Токтонасыровдун суракка чакырылышы тууралуу комментарий бере элек. Тергөөчү Эркинбековдун өзү менен байланышууга мүмкүн боло элек.

Анын укугун адвокат Агзам Дүйшөналиев коргоп жатат.

"Кечээ Өндүрүш байкени ыкчам кызматкерлери ИИМдин имаратына мажбурлоо менен жеткирген болчу. Бирок, бул Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексине каршы келет. Милиция кызматкерлери берилген укугунан кыянаттык менен пайдаланган болот. Себеби, биринчи тергөөчү тарабынан чакыруу барагы берилиш керек. Анда убак-сааты жазылыш керек. Эгер күбө же жабырлануучу келбесе, ошондо гана тергөөчү токтом чыгарып, мажбурлоо жолу менен алып келсе болот. Азыр Өндүрүш байке иш боюнча күбө катары өтүп жатат. Милиция кызматкерлери кызматынан аша чапкандыктан, биз арыз менен кайрылабыз", - деди адвокат.

Өндүрүш Токтонасыров ким?

65 жаштагы жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров өлкөдөгү сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргоодо өз оюн эркин билдирип, ар кандай акцияларды тынч жол менен өткөрүп жүрүп таанылган.

Акыркы жолу ал бейөкмөт уюмдардын иши тууралуу жана "Мен үчүн "Асман" шаары эмес, ыйык Ысык-Көлдү сактоо, коргоп калуу маанилүү" деген пост жазган.

Мындай билдирүүсү Ысык-Көлдүн жээгинде "Асман" шаарына президент Садыр Жапаров капсула салып, долбоор расмий тааныштырылып, курулушу башталган учурга туура келген.

Өндүрүш Токтонасыровду буга чейин милиция кармап кеткен, бейбаштык кылды деген негизде иши сотко чейин жеткен учурлар болгон.

Былтыр 17-мартта ал укук коргоочулар Азиза Абдирасулова, Динара Ошурахунова менен чогуу Украинадагы согушка каршы экенин билдирип, Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдына чыкканда “милициянын талабына баш ийген жок” деген негизде күч органдары кармап кеткен. Биринчи Май райондук соту алардын ар бирине 3 миң сомдон айып пул салган. Апрелде Бишкек шаардык соту райондук соттун аларды айыпка жыккан чечимин жокко чыгарган.

Ошол эле жылдын декабрында Токтонасыров орус президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга келишине каршы Орусиянын элчилигинин алдына нааразылык билдирүү үчүн барганда милиция кармап кетип, кийинчерээк кое берген.

XS
SM
MD
LG